Колдонуучу:Мирбутун
Аткарган: Камбаралиев Мирбек Кеңешбекович Жетекчиси: Т.и.к. проф., Сулайманов Эртабылды жолдошевич Тема: КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК БААЛУЛУКТАРЫН ЖАНА УЛУТТУК КААДА-САЛТТАРЫН, МАДАНИЯТЫН КЕЛЕЧЕК МУУНДАРЫБЫЗГА ЖЕТКИРҮҮ. Дареги: Жалал-Абад облустук «Барпы» атындагы кыргыз драма театры Аннотация: Бул макалада кыргыз элинин улуттук баалулуктарын жана улуттук каада-салттарын, маданиятын келечектин ээси болгон балдарыбызга ачып көрсөткүм келди.
Түйүндү сөздөр: үйгө кайталы, үйгө кирели, Жети атаңды бил, улууга урмат кичүүгө ыззат.
Колдонулган адабияттар.
Айтсан жомок сыйактуу болгон дүйнөдө СССР деген бир империя 70-жыл доорун сүрүп, ыдырагандан кийин, анын курамындагы ар бир улут өз багыты менен өзүнүн арабасын тартып жолуна багыт ала башташты. Ошол элдердин арасында кыргыз деген да эл бар эле. Жогорудагы элдердей эле бизда өз жолубузду издеп там-туң баскан баладай болуп, ар ким келдесе колубузду көтөрүп чуркап, урулуп жыгылып олтуруп, өз жолубузду тапбай, араң бир аз жакшы жолго түшкөндөй болуп, экономикалык абалыбыз жакшыра баштады. Бирок улуттук баалулуктарыбыз каада-салттарыбыз жөнүндө сөз жок башка бирөөнү эрчип, бирөөгө окшонууга аракет кыла баштадык, балдарыбыздын тарбиясы бөлөкчө болуп, тилибиз, дилибиз өзгөрүп абалыбыз начарлай баштады. Ар бир элдин улуттук баалулуктар жана каада салттар жөнүндө сөз болгодо жүрөгү бир зырп этээри айдан ачык эмепи, ошол элдердин бири, кыргыз элинде глабалдуу маселеге айланып бараткан улуттук баалулуктурыбыз жана каада- салттарыбыз жөнүндө сөз баштаардын алдында, биздин элибиздин, келечек жаштарыбыздын, ой максаты, же болбосо жогоруда айтылгандай, жүрөктөрү зырылдаар бекен деген ойго келет экенсиң. Мындай деп айтканымдын себеби жогоруда айтылгандай бөлөк жакты карап оңдонуп, түздөнүп, бөлөкчө сүлөп, багытыбызды таппай жолубузду батыш тарапка багыттап бүдөмүк туманга камалдык. Балдарыбыз улуттук тарбия албай мээрим кайрымы жок боору таш болуп тарбияланып, кыздарыбыздын улуттук ыйманы жоголуп башка улуттардан търъп генофондубуз бузула баштады. Кыргызда бекеринен айтылган эмес Жети атаңды бил деп, мына философия, баардык нерсенин баары ушул сөздүн ичинде камтылган: ата энеге кандай мамиле кылууну, кандай кийинүү, биз кандай жол менен жашап келгенбиз деги баардык баалулуктар ушул сөздүн ичинде камтылган. Элибизде дагы бир тарбиялуу съз айтылган Улууга урмат кичүүгө ыззат деп, ушул тарбия менен чоңойгон, ушул тарбия менен өнүгүп, тилибизди, улуттук каада-салттарыбызды кылымдар бою сактап ушул мегилге чейин улут болуп сакталып калганыбызга кудайга миң жолу шүгүр кылышыбыз керек. Ошол биздин Ата-Бабаларыбыз кылымдар бою сактап келеткан мурастары биздин жаштарыбызга жат көрүнүш боло баштады. Мисалга кыргыздын боз үйү, каада-салттары жана улуттук оюндар, кийимдери боюнча бир эле Жалал-Абад шаарындагы жаштардан сурам-жылоо жүргүзгөндө 75 %ы толуккандуу билбейт, бул биздин келечек үчүн өтө жаман көрүнүш. Ошондуктан, биздин келечек муундарыбызга жогорудагы масалелерди толуккандуу жеткирүүнү тезинен мамлекеттик деңгээлде колго албасак, келечегибиз коркунучта экендиги талашсыз.
Баардык нерсе үйдөн башталат, үйдө төрөлүп, үйдө өсүп тарагамбыз, бекеринен айтылган эмес, үйгө кайталы, үйгө кирели деп, боз үй – чабандын гана баш паанасы эмес. Бул - элдин тарыхы, үй-бүлө ыйык туткан эстелик, ар бир кыргыз баласы боз үйдө тарбияланган, эркек баланын элин, жерин сүйүүсү, ушул боз үйдөн башталган, кыз баланын тарбиясы да боз үйдөн башталат. Бекеринен бөлүп айтылган эмес эпчи жак жана эр жак деп, энелерибиз кыз баланы кандай кийнүүнү, ата энеге, жолдошуна, жана башкага сый мамиле кылууну ошол эпчи жактан тарбиялаган. Ошондуктан боз үйдү мейли шаардык болсун, бала чагынын образы, анткени ар бир шаардык кыргыздын тамыры тоодо, демек анын балдарынын жашоосунан да айрып алгыс мурасы, бул – ар бир кыргыз уулунун канында болушу керек деп эсептейм, тилеке карышы андай нерседен оолактап баратабыз.
Ушунчалыка барып калганыбыздан кийин жогорудагы баалулуктарыбыздын бири, кыргыз элинин ак өргөсү, чыныгы үйү болгон, боз үйдүн жалпы структуралык түзүлүшүн тизмектеп айтып берүү тура болчудай:
Боз үй тоолуу шарттарда малчылык менен алектенген кыргыз уруулары ушул шарттарга ылайыкталган көчүрүүгө мүмкүн болгон турак үйдү ойлоп тапкан, аны оңой эле чечип, жаныбарга жүктөп, жана кайра тургузуп коюу мүмкүн эле. Аны тургузууга бир эле саат убакыт талап кылынган. Боз үй жыгач карказ катары кереге, уук, түндүк жана кийиз жабуудан турат. Эң негизгиси бир да мык урулган жери жок, ушунчалык ъткън замандын усталар менен ууздары философиялык архитектураны жөнгө салышкан.
Түндүктүн тешигинен ортодогу очоктун түтүнү чыккан. Боз үйдүн боору чий менен жабылган, чийге калыңдата жүн оролуп кооздолгон. Боз үйдүн сол тарабы эр жак деп аталып, анда эркектердин буюм-таймдары турган: ээр, ат жабдыктары, аёчылык буюмдары ж.б. Оң тарабы аял жак болгон. Ортодо очок жагылган, анын тушунда сандыкта жүк жыйылган.
Эшик, Кереге, Түндүк, Уук – Боз үйдү тигүү эшикти орнотуудан башталат. Босого торт бөлүктөн турат: эки жаны, маңдайы жана босогосу. Төрт устун атайын жасалган ноолор менен төрт бурчтуу алкак болот. Ал рамага эки ачма эшик тагылат. Анан кереге жайылат. Анын сыртынан түркүн түстөгү жип менен оролгон чий каланат. Ар бир керегенин канаттары өткөрө устаттыкда, өзгөчө кылдаттыкда жасалган. Алардын оюулары да түр салынган чий менен ажарланат. Керегенин санына жараша боз үйдүн көлөмү аныкталат, аны «канат» деп аташат. үч, төрт, беш, алты же эң чоңу он эки кананат боз үй деп аташат. Керегенин бүткөн жери эшиктин рамасы –босого болот. Адатта түндүктү эркек көтөрөт. Андан соң кереге менен түндүктү бириктирүүчү уук сайылат. Ошентип кайыңдан ийип жасалган түндүктүн көтөрүлүшү менен үйдүн үстү да, үйгө жарык берүүчү терезеси да, күндү карай умтулган күндүн белгиси, анын оюучулук түрү да бүтөт да калат. Ууктар да устундарды ийүү менен жасалат, алар боз үйдүн үстүн түзүүчү структуралык элементи. Кыргыздарда ууктардын саны менен да боз үйдүн көлөмү белгиленет. Адатта боз үй алтымыш же жүз ууктан турат деп айтылат.
Тизгич, Чалгыч – Ар бир мындай оюу –кыюу менен согулган боонун өзүнүн өзүнүн так милдети бар. Тизгич – энсиз ууктарды бекитүүчү тасма. Чалгыч эни орточо, аны менен керегени бекитет жана эшик жабууну байлайт. Андан соң туурдук боо, үзүк боолор болот, алар үйдүн бабууларын бекитет. Мындан башка керегенин башын чалган эң жазы кооз боо бар. Ал эми тегерич менен кереге таңуу – боз үйдүн өзүнчө бир фризи сыяктуу, үйдүн жалпы турпатынжана ар түркүн татаал оркестирлештирилген декорунун негизи уюштуруучу бөлүгү катары эсептелет.
Эшик, Эшик тыш – Боз үйдүн эшиги же эки жаактуу каалга, же эшик жабу менен жабылат. Эшик жабуу ак кийизден жасалып, кызыл, көк түстө боёлгон жука кийиз бастырылып кооздолот жана эшилген кооз жип менен шырдалат. Кийинчерээк эки жаактуу каалга коюу бардаштуулукту билдирип калса да, эшик жабу жасалгасы жана көркү жагынан оюу-чийүү салынган жыгач каалганын эч биринен калышбайт, ал эми жасалышы, мүмкүн, каалгадан да таталыраак келет. Эшике калануучу кийиз аябай бышырылыр, кабаттай шырылышы жана чий менен иштелиши керек, Эшик жабуунун сырты ар кандай касиеттүү деп эсептелген символдор менен кооздолуп, үйдүн кутун, бактысын тилегендикти билдирет. Боз үйдүн эшиги сөзсүз түрдө Күн Чыгыш каратып тигилүүгө тийиш.
Эпчи жак, Ашкана чий – Төрдүн оң жагы – чыгдан, ашкана эпчи жак, мында эң мыкты салт-адаттарда кыз тарбияланат, үйдөгү аялга тийешелүү кийим кечелер, ийдиш аяктар сакталат. Ашкана чий боз үйдүн эпчи жагындагы тамак-аш, ийдиш аяктарды калкалап, бөлүп турат. Анын бир чети керегеге байланып, экинчи жагы бакан менен керегеге бекитилет.Ашкана чийди өтө чебер ууздар жасайт жана кыргыздын оюусунун эң мыкты үлгүлөрү колдонулат.
Эр жак – Төрдүн сол жагы – эр жак. Эр жактагы керегеде ат жабдыктар, эркеке тийиштүү мал чарбачылыгына, аңчылыкка, кол өнөрчүлүктө керектелүүчү аспаптар, буюмдар илинет. Дал ушул жерден уул тарбиялоо башталат, анын эрдиги күчү, өз коломтоосуна күл тарткандыгы артылат. Ал эми боз үйдөгү эр – эпчи деп айтылган жерлер; азыркы тил менен айтканда улук-ыйык деп билсек болот. Анткени, боз үйдүн ичинде үйбүлөөнүн жашоо жолу так көрсөтүлгөн: Эркек үчүн-улук, аял үчүн-ыйык! Ошондуктан эркек өмүр бою күчү, акылы менен улуктукка, умтулса, аял касиети менен ыйыктыкка умтулат.
Коломтоо, Жүк, Төр – Боз үйдүн баардык касиетин бириктирип, аны үй катары кармап турган борбор – бул түндүк алдындагы от жагылчу коломто. Коломтоодон ары, дал босогонун карама-карышысында жүк; бул жерде сандык коюлуп, такта орнотулуп, үй-бүлөнүн тиричилик оокаты түгөл жыйылат: килем-килче, шырдак, ала - кийиз, жууркан – тъшък жана башкалар. Жүк алды төр, үйдөгү кадырлуу жер: аксакалдар, сыйлуу меймандар олтурат.
Бундан башка боз үйгө тиешелүү Туш кийиз, Ала кийиз, кийиз, өрмөк боо, Кажары (куржун), Чаян түйүш, Аяк кап (баштык) Шырдак жана башка буюмдар менен боз үйдү кооздоп турат. Жогорудагы баалулуктар боюнча бир канча илимий иштер, китептер, кезит – журналдар жазылган, бирок дагы толуккандуу жеткирүү максатында иш чараларды, мектептерде жана жогорку окуу жайларда ачык сааттарды мамлекеттик деңгээлде өткозүп жайылтса келечек муундарыбыз үчүн чоң бир жардам болоор эле деп жыйынтыктаар элем.