Колдонуучу:Шах07

Википедия дан

Жыпара Исабаева

Февраль...

Кечки Бишкек. Февралдын этеги,

Чилде чыккан, чыкылдак жок кечеги...

Бала болуп кетким келди ушу ирмем,

Чуркап ойноп, жүрчү көлчүк кечели?..


Кар жамгырга айланууда дыбырап,

“Жазды сүйөм...” - дегим келди шыбырап.

Аялдама. Келбей турчу автобус...

Күттүргөндөй кышкы аязда кыбырап.


Саамайымды тостум жаанга атайы...

Сагынычын жибергендей жаз айы,

Айдарым жел өптү секин кучактап,

Керемет, ээ... аруулануу, тазаруу...


Кыялданып турган жагым мүнөттө,

Эрикпестен эстеликке сүрөткө,

Тартып алган жакшы адамдын мен дагы,

Жылмаюусун катып койдум жүрөккө...