1.1Касымбеков Мамбеталы 1898-жылдын ноябрь айында Жети-Суу областы Пишпек уезди Курманкожо болушунда кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 7 жаштан 10 жашка чейин Жумгал өрөөнүндөгү алгачкы билимдүү инсандардын бири болгон атасы Касымбек Сазыковдон араб тилинде билим алган. 10 жашында атасы Токмокко алып келип, Мисирден окуп келген Ырсалы Молдодон окутат. Атасынан 12 жашында ажырап, апасынын тарбиясында калат. Андан кийин өз алдынча аракет кылып, 12 жашында Уфа шаарындагы «Медресе Галияны» бүтүргөн Эшеналы Арабаевдан окуйт. 13 жашында Жангарачев Мамбеталы деген манап Талды-Булак (азыркы Орловка) деген жерде мектеп ачып, Уфадан «Медресе Галияны» бүтүргөн Нажмидин Салыхов деген татар молдодон окуйт. Андан кийин Токмоктогу белгилүү манап Дүр Сооронбаев мектеп ачып, ал жерде Эшеналы Арабаев жана Нажмидин Салыхов деген мугалимдер сабак беришет. Ушул жерде 1914-жылы окуусун бүтүргөндө – мусулманча 6 классты, орусча 3 классты бүтүрдү деген күбөлүк кат тапшырган комиссияда Алматыдан келген Инспектор жана Шабдан баатыр өзү башында турган. Ушул окуп жүргөн кезинде, атасы жок, турмуштун азабын аябай көрүп, суукта ачка болуп жүргөн убакта Куйручук келип калып, Дүр Сооронбаевдин үйүндө чогуу 3 ай жашап калышат. Экзаменди жалаң бешке тапшыргандыгы үчүн Куйручук мектептин ээси Дүр Сооронбаевдан 5 сом акча, бир сыйра кийим алдыртып берет. Ошол убакта Жумгалдан Мырзабек манап келет, андан Куйручук 15 сом өндүрүп берип, жардамы тийип, билимдүү бала бол деп, батасын берет. 1914-жылы жалгыз Жумгалга кете албай Токмокто жүрүп калат. Ошол кезде Токмоктун базарынан бир арабга жолугуп, ага тилмеч болот. Бул араб Арабстандын Мекке менен Медина шаарларынын ортосунда жайгашкан Таиф деген шаарынан келген экен. Араб өзүн мен Мухаммед пайгамбардын тукумунан болом деп айтып, а жанында жүргөн жолдошу Персия уругунан экендигин айтышат. Ушул арабтан медицина китебин алып, өз алдынча өздөштүрүп, даары чөптөрдүн касиетин, кайсы жандыктар ооруга пайдалуу экенин изилдейт. Ошо менен бирге орус медицинасын да өздөштүрүп, элдик медицина менен расмий медицинасын айкалыштырып, өз убагында чон табып болуп, көптөгөн адамдарды айыкпаган оорулардан айыктырган. Ошол эле убакта Касымбек уулу Мамбеталы – күчтүү тамырчы, Касыйда окуган чон молдо болгон. Бул кишиден кыргыздын алдынкы фармацевт-окумуштуулары келип, даары чөптөрдүн, жан-жаныбарлардын касиеттерин үйрөнүп кетишкен. Өзүнүн балдарына арнап жазып кеткен медицина китептери сакталып калган. Бул маалымат өзү калтырып кеткен эскерүү жазууларынан кыскача алынды. Бул кишини көрүп билген адамдардын айтуусунда касиети бар өзгөчө адам болгон экен.