Колдонуучу:Miraida345
АЛБЕРТ ЭЙНШТЕЙН. Альберт Эйнштейн (Albert Einstein) - залкар немис физиги, салыштырмалуулук теориясынын жана ошондой эле мейкиндик, мезгил, кыймыл, жарык, зат жана тартылуу жөнүндөгү түшүнүктөргө жаңы мазмун берип физикалык теорияларды ачкан XX кылымдын улуу окумуштуусу.Өмүр таржымалы
Альберт Эйнштейн 1879-жылы 14-мартта Германия мамлекетинде Дунайдын сол жээгиндеги Улм жергесинде туулган. 9 жашка чыкканда ата-энеси аны Мюнхендеги католиктик даярдоо мектебинен, кийин гимназиядан окутушкан.Кийин Араудагы кантоналдык мектепти бүтүрүп келип, политехникалык институттун математика жана физика мугалимдерин даярдоочу педагогикалык бөлүмүнө экзаменсиз кабыл алынат.Студент болгондон кийин илимге болгон кызыгуусу артып, бир нече курстарга жазылып катыша баштайт. Улуу философтордун, физиктердин илимий эмгектери менен кеңири таанышат, окуудан бүт убактысын химиялык кабинеттин лабораториясында өткөрөт.1900-жылы ал институтту эң жакшы деген баалар менен бүтөт. Бирок, туруктуу иш таба албай көпкө кыйналат. Германиядагы фашисттик террордун айынан А. Эйнштейн өз өлкесүнен кетүүгө мажбур болуп АКШдагы Пристонду мекендеп калат. Ал 1955-жылы дүйнөдөн кайткан. [оңдоо]Эмгеги
Ошол убакта Берлинден чыгуучу «Физиканын анналдары» деген журналга анын теориялык физика боюнча макалалары жарыялана баштайт. 1902-жылдан баштап Берлиндеги патенттик бюродо референт болуп иштеп жүрүп, Европадагы физика жана математика боюнча жаңы эмгектер, ачылыштар менен "таанышат, бул ага жакшы таасир берет. 1905-жылы жазган «Броун кыймылдары» деген змгегинде молекулалардын жана алардын кыймылдарынын реалдуулугунун аныктыгын далилдеген.Ошол эле жылы фотондор теориясын жана салыштырмалуулуктун атайын теориясын иштеп чыгат жана аны 1916-жылы формулага салган.1933-40-жылдары окумуштуу талаанын гравитациялык жана башка физикалык талаалардын жаратылышын түшүндүрүүчү бирдиктүү теорияны иштеп чыгууга аракеттенген. Анын эмгектери азыркы физика менен техниканын ажырагыс бөлүгүн түзөт. Атомдук энергияны согуштук максатка пайдаланууга чечкиндүү каршы чыккан.
”Нью-Йорк Уорлд Телеграм” (New York World-Telegram) басылмасы Эйнштейндин дүйнөдөн кайтканын жарыялады. 1955-жылдын 18-апрели.
[оңдоо]Сыйлыгы
Окумуштуу дүйнөнүн көптөгөн академиясынын жана илимий коомдорунун мүчөсү, Нобель сыйлыгынын лауреаты (1921), СССР Илимдер Академиясынын ардактуу мүчөсү (1927) болгон. [оңдоо]Колдонулган адабияттар
ЭЙНШТЕЙН Альберт // Кыргыз Совет Эициклопедиясы. - Ф., 1980. -т. 6. - Б. 508; ТОКТОМУШЕВ А. Улуу ачылыштын уу-дуусу // Нуска. - 1995. - нояб. - № 6. - Б. 2-8; АЛЬБЕРТ Эйнштейн // Эл агартуу. -1979. -№ 3. - Б. 62-63.