Колесников, Петр Федосеевич

Википедия дан
Колесников Петр Федосеевич

Колесников Петр Федосеевич (1922, Семёнов айылы, азыркы Ысык-Көл району — 1945, Польша, Лович ш.) — лейтенант, Советтер Союзунун Баатыры (28.11.1945).
1-Украина, 1-Белорус фронтторунун составында урушка катышкан. 1454-өзү жүрмө артиллериялык полкунун батареясында (1-Белорус фронту, 1-гвардиялык танкалык армия, 11-гвардиялык танкалык корпус) командир.
1945-ж. 15-январда Пилицу дарыянын Уляски-Бисмёнца кыштагынын тушунда (Ново-Място шаарынан 10 км чыгышыраак, Польша) биринчилерден болуп сүзүп өткөн.
1945- ж. 17-январда Венжовец кыштагында (Нове-Място шаарынын түндүк-чыгышында) анын батареясы курчоодон чыгууга аракеттенген душмандардын танкалары жана көптөгөн жөө аскерлери менен беттешкен.Колесников өзү жеке 2 замбирек, 3 бронетранспортёр, 2 автомашинаны жок кылган.
Ленин ордени, 2 Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган. Анын аты менен орто мектеп аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.