Коллизиялык байламта
Көрүнүш
Коллизиялык байламта – ошол укук мамилелерине колдонулушу мүмкүн болгон мыйзамды (укук тутумун) көрсөтүүчү коллизиялык ченемдин курамдык бөлүгү. Баардык К. б-лар байламталардын формулалары же коллизиялык принциби деп аталган бир нече түргө бөлүнөт (м.: адамдын жарандыгынын мыйзамы ( lex patriae ), адамдын жашаган жеринин мыйзамы ( lex domicilii ), буюм жайгашкан жердин мыйзамы ( lex rei sitае ), келишим түзүлүүчү жердин мыйзамы ( lex loсi contractus ), келишимди аткаруучу жердин мыйзамы ( lex loсi solutions ), зыян келтирген жердин мыйзамы ( lex loсi delicti commissi ) ж. б).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7