Коллизиялык ченем
Көрүнүш
Коллизиялык ченем (лат. collisio – кагылышуу) – эларалык мүнөздөгү жарандык, үйбүлөлүк, эмгектик мамилелерге карата кайсы мамлекеттин укуктары колдонулууга тийиш экенин же болбосо мамлекеттик ички юридикалык карама-каршылыктарда (коллизияда) кандай ченемдик укук акты колдонулууга жатарын көрсөтүүчү ченем. К. ч. ошондой эле улуттук жана эларалык укуктун ортосундагы карама-каршылыктарды чечүүнүн принциптерин да аныктоосу ыктымал. Эларалык жеке укукта К. ч. адатта, кандайдыр бир мамлекеттин укугуна көрсөтпөстөн, укукту пайдалануунун принциби аныкталуучу абстрактуу эреже катары калыптандырылат (м.: адамдын жарандык мыйзамы, келишим түзүлгөн жердин мыйзамы, буюм жайгашкан жердин мыйзамы, нике катталган жердин мыйзамы ж. б.).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7