Коллоиддик системалар

Wikipedia дан

Коллоиддик системалар – ири дисперстүү системалар менен чыныгы эритмелер ортосунан орун алган дисперстик системалар. К. дисперстик фазанын өлчөмү 10-5- 10-6 см, ал эми дисперсиялык чөйрөсү 10-7 – 10-8 см турган гетерогендүү система. Газда жана суюктукта алар тынымсыз эркин кыймылда болуп, дисперстик чөйрөгө текши таралат. Мындай эркин дисперстүү К. с. (түтүн, золдор) туруктуу келишет да седиментацияланбайт, б. а. чөкмөнү пайда кылбайт. К. с. дисперстик фазанын бөлүкчөлөрү дисперсиялык чөйрө мол-лары менен жакшы аракеттенсе лиофилдик коллоиддер пайда болот. Алардын фазалар аралык беттик тартылуу энергиясы өтө аз. Лиофилдик коллоиддер катуу зат ири болүкчөлөрүнүн же суюктук тамчысы эң майда коллоиддик бөлүкчөлөргө же мицелл аларга майдаланышынан пайда болот. К. с. бөлүкчөлөрү дисперстик чөйрө менен өз ара начар аракеттенишсе, лиофобдук коллоиддер пайда болот. Буларда фазалар аралык тартылуу күчү көп болот. Ошондуктан коллоиддик бөлүкчөлөр ириленишип эркин беттик энергияны азайтат. Ал лиофобдук коллоиддер бузулушуна алып келет. Лиофобдук коллоиддер туруктуулугун сактоо үчүн стабилизатор (бөлүкчөлөр биригип жабышуусун токтотуучу заттар) колдонулат. К. с. силикат желимине окшош заттар, суспензиялар, чаң, түтүн, көбүктөр, эмульсиялар, туман, металлдар гидро жана органозолдору жана башка кирет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]