Мазмунга өтүү

Колмогоров Андрей Николаевич

Википедия — ачык энциклопедия

Колмогоров Андрей Николаевич [12(25).4.1903, Тамбов — 20.10.1987, Москва] — орус математиги, СССР ИАнын академиги (1939), Социалдык Эмгек Баатыры (1963). Москва университетин бүтүргөн (1925). илимий эмгегин чыныгы өзгөрмөлүү функциялар теориясынан баштаган. Колмогоров өлчөөлөр жана тригонометриялык катарлар, көптүктөр, интегралдар, функцияны жакындатуу теориялары боюнча маанилүү эмгектер жазган. Колмогоров математикалык ыкмалардын биология менен тил илиминде колдонулушун изилдеген, ошондой эле ыктымалдык теориясы менен функциялар теориясын изилдөөчүлөр мектебин түзгөн. Ал Париж ИАнын, Лондон королдук коомунун жана башкалар чет элдик академиялардын (Нидерланд, Польша, Румыния, АКШ), илимий мекемелер менен коомдордун чет элдик мүчөсү. Эл аралык Больцано (1963), СССР мамлекеттик (1941) жана Лениндик сыйлыгына (1965) лауреаты. 7 Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]