Колорадо университети (Боулдер)

Википедия дан
Боулдердеги Колорадо университети (Боулдер).

Боулдердеги Колорадо университети (CU же Colorado деп аталат) - мамлекеттик илимий-изилдөө университет болуп саналат. Ал АКШдагы Колорадо штатындагы Боулдер шаарында жайгашкан. Колорадо университет системасындагы флагманттык окуу жайы болуп саналат. Ал Колорадо 1876-жылы Союзга киргенге беш ай калганда негизделген.

2015-жылы университет тогуз колледжден жана мектептен турган. Анда 150 академиялык программалары бар жана ага жалпы 33 000 студент окууга катталган. Студенттер, изилдөөчүлөр, же окутуучулар арасында он эки Нобель сыйлыгынын лауреаттары, тогуз Макартур стипендиаттары жана 20 астронавт университеттин тарыхында болгон. Атмосфералык жана Аалам физикалык лабораториясы менен JILA сыяктуу изилдөө программаларына 2010-жылы университет $ 454 млн каржылык акча алган.

Университеттин Colorado Buffaloes спорт командалары NCAA Division I Pac-12 Conference мүчөсү болуп жана алар 17 спорт түрү менен мелдештерге катышышат. Buffaloes 28 улуттук чемпионун утушкан: 20 лыжа, жети эркектер менен аялдардын кроссу жана бир футбол боюнча. Болжол менен 1500 студент жыл сайын 34 университеттер ортосундагы спорт клубдарына катышып турушат.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кампустары[оңдоо | булагын оңдоо]

Жетекчилиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]