Колумбия Университети

Википедия дан
Колумбия Университети.

Колумбия Университети (англ. Columbia University) - Нью-Йорк шаарындагы Манхэттен районунда жайгашкан. Ал Айви Лигасына кирген жеке изилдөө университети болуп саналат. Университет 1754-жылы Улуу Британиядагы Джордж II падышалык жаргысы катары King's College болуп түзүлгөн. Америка Революциясынан кийин King's College мамлекеттик уюм болуп, 1784-жылы Колумбия колледж деп өзгөрүлгөн.

Нью-Йорк штатындагы эң байыркы коллеждердин бири. Ал көз карандысыз декларациясына чейин кабыл алынган тогуз колониялык колледждердин бири катары саналып, өлкөдөгү бешинчи чартердик окуу жайы болуп да эсептелинет. Бул окуу жайды көптөгөн белгилүү бүтүрүүчүлөр окуп кеткен. Бул мекеме ачылгандан бери Кошмо Штаттардагы абдан тандалган колледждердин арасына кирет. 5,8% окуучулары кабыл алуу жыйынтыгы менен, Америка Кошмо Штаттары боюнча 3-орундагы жана Айви Лигасы боюнча 2-орундагы эң мыкты колледждердин бири болуп саналат.

Бул университетти көптөгөн көрүнүктүү бүтүрүүчүлөрү аяктаган. Бүтүрүүчүлөр арасында Америка Кошмо Штаттарынын 5 Founding Father, аларга Эгемендүүлүктүн Декларациясын жана АКШнын Конституциясын жазган автору да кирет. Булардан тышкары дагы Америка Кошмо Штаттары Жогорку сотунун 10 соту; 20 миллиардери; 123 Pulitzer сыйлыгынын лауреаттары; 39 Оскар сыйлыгына лауреаттары; 3 Америка Кошмо Штаттары президенттери; мамлекеттердин 29 башчылары; 101 National Medal of Science мүчөсү; 98 Нобель сыйлыгынын ээлери; 77 National Medal of Science сыйлыгынын ээлери; 23 National Humanities Medal утуучулары Колумбия Университетинен билим алып кетишкен. Колумбия Нобель сыйлыгынын алуучулар боюнча Гарвард университетинен кийин экинчи орунда турат. Колумбия жыл сайын Pulitzer Prize сыйлыгын жетектеп келет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кампустары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]