Колчедандар

Википедия дан

Колчедандар, (грекче Chalkedon – Кичи Азиядагы байыркы грек колониясынын атынан), колчедан кен таштары – негизинен күкүрттүү минералдардан (сульфиддерден) турган кен таштын жалпы аты. Курамында пирит, пирротин, марказит, айрым учурда халькопирит, борнит, сфалерит, галенит, барит минералдары кезедешет. Спилит-кератофир, диабаз-альбитофир сыяктуу жанар тоо чөкмөлөрүнөн орун алат. Каралжын сланец формациялары менен тыгыз байланышкан. Бир өңчөй массадан же чачыранды бүртүкчөлөрдөн турат. Тарамдашкан, линза, шток, кабат түрүндө жолугат. Жез менен күкүрт кислотасы өндүрүлөт. Кээде алтын, күмүш, коргошун, цинк, кадмий, висмут, селен, теллур, барий, күкүрт алынат. Жездин дүйнөлүк запасынын 10%ин Колчедандар берет. Ири кендери Карелия, Бурятия, Казакстан, Кавказ, Урал, Курил аралдары, Кыргызстан ж. б. жерлерде кездешет. Кыргызстандагы Ачык-Таш күкүрт колчедан кени (Кыргыз Ала-Тоосу) ж. б. буга мисал болот. Дүйнө жүзүндөгү эң ири кени болуп Испаниядагы Рио Тино кени эсептелет. Андан 3 миң жыл ичинде 200 млн т кен казып алынган, 5 млн т жез өндүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]