Кольцовка колтугу

Википедия дан

Кольцовка колтугу, Булуң – Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги буйтка (булуңча). Бөкөнбаев кыштагынан 6 км түндүк-чыгыш тарапта. Узундугу 720 м, туурасы 700 м, тереңдиги ооз тарабында 45 м. Жээктери тик болгондуктан, толкун менен шамалдан ыктоо турат. Таманын баткак менен шагыл каптаган. 35–40 м тереңдикке чейин «хара» балыры өсөт. Буйтка (жээктери да) өтө терең болгондуктан, кышкысын тоңбойт. Суусунун 10°С температурадан өткөн маалы жазында 19-майга, күзүндө 24-ноябрга туура келет. Чыгыш учунда кеме токтоочу жай бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]