Мазмунга өтүү

Кольцо-половинка кварц куму кени

Википедия — ачык энциклопедия

Кольцо-половинка кварц куму кени Баткен облусунун Лейлек районунда, Кольцо–Половинка т. ж. бекетинин жанында, Түркстан кырка тоосунун түндүк жак этегинде, деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте. 1936–1941 жана 1944-ж. изилденген. Кен аймагын бор мезгилинин алдында пайда болгон чөкмө тоотектер түзөт. Кен кварц кумунун 4 катмарынан турат. Алардын астында кумдук тоотеги, үстүндө чопо катмары бар. Кум 12, 53 км аянтты ээлейт. Майда, орто жана ири бүртүкчөлүү, боз, ак, кызгылт, саргыч түстөрдө, бир түрдүү, абдан таза, негизинен кварцтан туруп, бир аз талаа шпаты, слюда, чаң жана руда минералы кезигет. Кумдун гранулометриялык курамы: 0,5 ммден кесеги 7,4%, 0,5–0,25 мм – 24,85%, 0,25–0,1 мм – 50,15%, 0,1–0,05 мм – 13,35%, 0,01 ммден майдасы 2,6% Кендин куму болот, чоюн куймаларын фасондоп калыптарга куюу үчүн, айнек алууда жана кайрак материалдары катары пайдаланууга жарактуу. Калыптык кумдун запасы А категориясы боюнча 25 миң т, В – 324 миң т, С1 – 225 миң т, айнектик кумдуку С1–1700 миң м3.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]