Командалык пункт

Википедия дан

Командалык пункт – согуш майданында аскерлерди башкаруу үчүн командир туруучу жай. Командалык пункт командачыга аскерлерди башкарууга ыңгайлуу, кол алдындагы командирлер, коңшу бөлүктөр, бирикмелер жана жогорку штаб менен дайыма байланыша алгыдай жерге жайгаштырылат. Байкоо жүргүзүүчү, сигнал берүүчү жана байланыш каражаттары бар транспорттор менен жабдылат. Командалык пунктта штабдын негизги курамы, аскер башчылары ж. б. болот. Командалык пунктту көчүргөндө аскерлерди башкаруу иши токтобойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]