Комбинаторика геометриясы

Википедия дан

Комбинаторика геометриясы – математиканын фигуралар системаларынын комбинатордук мүнөздөгү экстремалдык касиеттерин изилдөөчү бөлүмү. Бул маселе томпок көптүктөрдүн оптималдуу иретте жайгаштырылышы менен тыгыз байланышкан. Мисалы, 13 шар жөнүндөгү маселе: евклид мейкиндигиндеги шарга барабар бардык шарлардын максималдуу саны канча? Бул суроого 1611-ж. И. Кеплер 12 деп жооп берген. Бирок так чыгарылышын голландиялык математик Б. Л. Ван-дер-Варден 20-кылымдын ортосунда далилдеген. Комбинаторка геометриясында математиканын ар кандай тармактарындагы (топология, функциялык анализ, графтар теориясы ж. б.) ыкмалар колдонулат. Комбинаторка геометриясы дискреттик геометрияга жана томпок көптүктөр теориясына жакын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]