Мазмунга өтүү

Комбинациялык нур чачыроонун спектроскопиясы

Википедия — ачык энциклопедия

Комбинациялык нур чачыроонун спектроскопиясы – түшкөн жарык энергиясы аркылуу чачыранды нур энергиясынын зат менен монохроматтык аракеттешүүсүн изилдөөчү оптикалык спектроскопиянын түрү. Зат монохроматтык нур чыгарганда, спектр жыштыгынын мааниси мол-дагы атом биринчи нур чыгаруу nо жыштыгы менен толкун жыштыгынын nк айырмасына n=nо-nк барабар болгон кошумча сызыктар пайда болот. Бул сызыктар Стокс сызыктары деп аталат. Стокс сызыгы менен катар чыгарган нур спектиринде жыштыгы n=nо+nк болгон сызыктар тобу пайда болот. Бул сызыктар антистокстук сызыктар деп аталат. Раман спектрлери негизги мүнөздөмөсү анын жыштыгы эмес, Релеев сызыгына салыштырмалуу анын жылышуусу, б.а. К.Н. чыгаруу – термелүү сызыктары, кээ бир учурда айлануучу спектр. Эгер ИК жутулууда, мол-нын туруктуу диполдук моментинин өзгөрүшү менен байланышкан термелүү кыймылы пайда болсо, анда мол-нын уюлдуулугун өзгөртүүчү К.н. с., термелүү пайда болот. ИК жана К. н. с. пайда кылуучу, ар кандай физ. кубулуштун жаратылышы КНС, эреже б-ча ИК-спектрлерде активсиз начар сызыктарды берүүчү термелүүнүн жыштыгынын пайда болушуна алып келет. Ошентип ИК жана КНС сызыктары бири бирин толуктап турат. К. н. с. орг. эмес жана орг. заттар изилдөөчү, о. эле мол-дагы айрым бир хим.лык байланыштар, ички мол-лык жана мол. аралык аракеттенишүүлөр, изомерия түрлөрүн, фазалык өтүүлөрдү, суутек байланыштарын изилдөө; айлана-чөйрөнү булгоочу микроаралашмалар аныктоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]