Комикс

Википедия дан

Комикс (англисче comic – күлкүлүү) – бир окуяга байланышып, кыскача текст жазылган сүрөттөр сериясы. Заманбап Комикстин баштоочусу деп швейцариялык сүрөтчү Р. Тёпфер эсептелет. Комикс 19-кылымдын аягында АКШда газета чыгаруунун өнүгүшү менен кеңири жайылып, 20-кылымдын ортосунда Комикс «массалык маданияттын» эң кеңири тараган жанрларынын бирине айланган. Комикс дайыма классикалык, окуялуу, күлкүлүү жана фантастикалык чыгармаларды жайылтууда колдонулган. Учурда Комикс комедиялык мүнөзүн жоготуп, аны – кылмыш, согуш тууралуу «тири укмуштар» Комиксси, ошондой эле классиктердин чыгармаларын жөнөкөйлөтүүчү жалган тарыхый Комикс алмаштырды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]