Комиссаржевская Вера Фёдоровна
Комиссаржевская Вера Фёдоровна [27 (8). 10 (11). 1864, Россия империясы, С.-Петербург шаары – 10 (23). 2. 1910, Россия империясы, Түркстан крайы, Ташкент шаары; сөөгү С.-Петербургга коюлган] – орус актрисасы. В. Комиссаржевская комедия жана ыр менен жазылган водевилдерди ийине жеткире аткарган чебер болгон. Драмалык таланты А. Островскийдин «Сепсиз кыз» драмасындагы Ларисанын ролунан айкын көрүнгөн. А. Чеховдун «Ак чардак» (1896) пьесасындагы Нина Заречнаянын ролу бүткүл орус театры үчүн жаңы табылга катары зор мааниге ээ болгон. 1904-ж. Петербургда менчик театр ачып, анда М. Горькийдин «Дачниктеринде» Варвара Михайловнанын, «Күн балдарында» Лизанын, Г. Ибсендин «Куурчак үйүндө» Норанын ролун көркүнө чыгара аткарган. 1906-ж. В. Э. Мейерхольд койгон Метерлинктин «Беатриса эже» спектаклинде Беатрисанын ролу В. Комиссаржевская зор ийгилик алып келген. Адегенде Мейерхольдду колдоп, ал койгон А. А. Блоктун «Балаганчик», Л. Н. Андреевдин «Адам өмүрү» спектаклдерин «режиссёрдун шедеври» деп эсептеген. Кийин Мейерхольддун катаал композициясы актёрдук чеберчилигимди чектеп жатат деп эсептеп, Мейерхольдду театрынан кетирген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9