Мазмунга өтүү

Комицийлер

Википедия — ачык энциклопедия

Комицийлер (латынча comitia – чогулам) – Байыркы Римде мыйзам кабыл алып, согуш жана тынчтык маселелерин чече турган кызмат адамдарын шайлай турган элдик чогулуш. Комицийлердин 3 түрү болгон. Куриялык Комицийлер – куриялар боюнча патрицийлердин чогулушу. Аны адегенде интеррекстер жана падышалар (б. з. ч. 8–6-кылымдарда) чакырып, падышаны шайлоо, согуш, тынчтык ж. б. маселелерди чечүү үчүн өткөрүлгөн. Республикалык доордо Комицийлердин башка түрлөрү пайда болгон соң, анын саясий мааниси жоголгон. Центуриялык Комицийлер – центуриялар боюнча плебей жана патрицийлерди бириктирип өтүлгөн чогулуш. Центуриялык Комицийлерлер согуш жана тынчтык, жогорку магистраттарды шайлоо маселелерин чечип, сот милдетин аткарган. Аны жогорку магистраттар Марс талаасында өткөргөн. Трибалык Комицийлер – триба-дубан аймактары боюнча бардык жарандардын чогулушу. Аны чогулуштарда элдик трибундар жана плебей эдилдери шайлаган. Плебей менен патрицийлердин күрөшүнүн натыйжасында б. з. ч. 287-жылдан Гортензия мыйзамы боюнча алар мыйзам чыгаруу, соттук жана магистраттарды шайлоо бийлигин алып, элдик чогулуштун бир түрү болуп калган. 1-кылымдын аягында Комицийлер маанисин жоготкон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]