Коммуналдык машиналар

Википедия дан

Коммуналдык машиналар – эл жашаган аймактарды (шаар, кыштак), коомдук жайларды, имараттарды, кир кийимдерди химиялык жана санит. жактан тазалоочу ар кандай машиналар. Имараттарды тазалоо, кир жууш үчүн пайдаланылуучу аз кубаттуулуктагы жана кичине габариттүү машиналар турмуш-тиричилик приборлоруна кирет. Шаар чарбасында тазалоо иштерин аткаруучу алгачкы Коммуналдык машиналар 19-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Калк отурукташкан аймакты санитардык тазалоо атайын ассенизация (зыянсыздандыруучу) машиналары, таштанды ташыгыч, ылай сордургуч (канализация кудуктарын тазалоочу) машиналар менен, жыйнаштыруу иштери шыпыруучу, суу чачып жуучу машиналар, кар тазалагыч, кум чачкыч ж. б. менен жүргүзүлөт. Ассенизациялоочу Коммуналдык машиналарда цистерна, соруучу насос жана шланг орнотулуп, суюк ыпластарды сордуруп ташып кетет. Катуу таштандыларды жана тиричилик калдыктарын ташуучу Коммуналдык машиналар кузовдуу жана контейнерлүү болот. Алар автоматтык түрдө таштандыны шыкоочу, жүктөөчү жана түшүрүүчү түзүлүштөр менен жабдылат. Жайкысын тазалоо иштеринде (ошондой эле имараттын ичин тазалоодо) шыпыргыч, суу чачкыч, пол жуугуч, чаң соргуч, кышкысын кар шыпыргычтар, жүктөгүчтөр жана кум чачкыч ж. б. электрдик машиналар колдонулат. Ал эми химиялык тазалоо иштеринде ар кандай механикалык каражаттар, жуучу автоматтар пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]