Коммюнике
Коммюнике (лат. communicatio – билдирүү, өткөрүп берүү) – мамлекеттик жогорку бийлик органдарынын, тышкы байланыштар органдарынын, аркыл мамлекеттердин же эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн мамлекеттер аралык мамилелердин кайсы бир тармагындагы абал, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү же жыйынтыктары, жүрүп жаткан согуштук аракеттер ж. б. жөнүндө расмий билдирүүлөрү. Жалаң маалыматтык максаттардан сырткары К-де көбүнесе жарыялоочунун саясий-укуктук маселелерге карата мамилеси чагылдырылганда, аларга баа бергенде, кызыкдар субъекттердин максаттары жана милдеттенмелери, алардын ниеттери жана эскертүүлөрү жарыяланганда бир кыйла маанилүү жүк көтөрөт. Кээбир учурларда К-лер мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдүн документ менен жол-жоболоштурган жыйынтыктарын камтыган материалдар болушу мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7