Комплексонометрия

Википедия дан

Комплексонометрия (хелатометрия, трилонометрия) – титрант катары этилендиаминтетрауксус к-тасы стандарттык эритмесин колдонуп металл ионунун санын титрлеп аныктоо методу. Титрантты этилендиаминтетраацетат эки натрийлүү тузунан даярдайт. Бул зат комплексон деп аталып эритмедеги 2,3 жана 4 валенттүү металлдар иондору менен көпчүлүк учурда турактуу курамдагы начар диссоциациялануучу комплекстик бирикмелер пайда кылат. Мындай бирикмелер комплексонаттар деп аталат, алардын пайда болуу реакцияларын төмөнкү теңдемелер менен туюнтат.

Ме2+ + Н2Ү2- = МеҮ2- + 2Н+

Ме3+ + Н2Ү2- =МеҮ- + 2Н+

Ме4+ + Н2Ү2- = МеҮ + 2Н+

Мында Н2Ү2- – этилендиаминтетрауксус к-тасынын эки натрий тузунун аниону. Бул теңдемелерден белгилүү болгондой, металл грамм-эквиваленти, анын валенттүүлүгүнө карабастан, бир грамм эквивалент комплексонду байланыштырат. Титрлөөнүн акыркы чекити комплексонометрлик индикаторлор, о, эле фотометрия, потенциометрия же амперометрия методунун жардамы менен аныкталат. Эгерде аныкталуучу металл ионуна индикатор түсүнүн өзгөрүшү ачык, даана болбосо, анда түз титрлөө методу, калдыгын титрлөө методу менен алмаштырлат да комплексондун реакцияга кирбей калган ашыкча бөлүгү цинк же магний сульфатынын стандарттуу эритмеси менен титрлеп аныкталат. К. методу суунун шорлуулугун, ар түрдүү минералдык чийки сырьедон металлды ачып билүүдө, о. эле SO42-, F-, С1- аниондорун кыйыр аныктоодо, орг. бирикмелерди (кофеин, хинин, люминал ж.б.) тактоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]