Мазмунга өтүү

Комплексонометрлик

Википедия — ачык энциклопедия

Комплексонометрлик индикаторлор, металл индикаторлору-комплексонометрияда титрлөөнүн акыркы чекитин аныктоодо колдонулуучу заттар. Булар аныкталуучу металл катиондору менен туруктуулугу аз, белгилүү түстөгү, металлхромдук индикаторлор деп аталуучу комплекстерди пайда кылат. Комплексон стандарттык эритмеси менен титрлеген учурда металл- хромдук индикаторлор ажырап, эквиваленттик чекитте эритмеде түссүз комплексонаттар пайда болот да, белгилүү түстөгү эркин индикатор бөлүнүп чыгат. Натыйжада сарпталган титранттын көлөмү б-ча металл катиондору саны аныкталат. К. мындан башка дагы окистенип-калыбына келүүчү жана флуоресценттик индикаторлор кирет. Окистенип - калыбына келүүчү К. и. аныкталуучу металл катиондору окистенген жана калыбына келген түрлөрүнүн конц. өзгөрүшүнө байланыштуу, системанын редокси потенциалы өзгөрүшүнө жараша кайталанма түрдө окистенип- калыбына келет да, түсүн өзгөртөт. Флуоресценттик К.и. аныкталуучу металл катиондору менен жарык чыгаруучу хелаттарды пайда кылат. Титрлөөнүн акыркы чекитинде алардын жарык чыгаруусу жоголот.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]