Мазмунга өтүү

Компрессор станциясы

Википедия — ачык энциклопедия

Компрессор станциясы – өндүрүш ишканаларында, магистралдык түтүктөрдө жана курулуш объектилеринде кысылган аба же газ алууда пайдаланылуучу агрегаттар комплекси. Кысылган аба же газ ар кандай продукцияны алууда (мисалы, абадан кычкылтекти, азот-суутек аралашмасынан аммиакты) энергия булагы же сырьё катары колдонулат. Компрессор станциясынын курамына компрессорлор жана көмөкчү жабдуулар менен түзүлмөлөр – (кысылган газ сакталуучу көлөмдүү идиш, газ чогулткуч, суу бергич ж. б.) жайгаштырылган инженердик коммуникация тармагы (муздак, ысык суу, буу жүргүч, канализация), негизги имарат, трансформатор подстанциясы, ошондой эле тиричилик бөлмөлөрү кирет. Компрессор станциясы отко чыдамдуу материалдар менен жабылып, күйбөй турган тосмо менен бөлүнгөн өзүнчө имаратка жайгаштырылат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]