Компьютер жабдуулары

Википедия дан

Компьютер жабдуулары – компьютерге берилишти киргизүү, аны иштетүү, алынган маалыматты чыгаруу жана сактоо үчүн колдонулуучу атайын түзүлүштөр. Аларга берилиштерди киргизгич түзүлүш, маалыматтарды чыгаргыч түзүлүш, сактагыч жана байланыш-катыш түйүнү кирет. Киргизгич берилишти компьютерге киргизүү үчүн колдонулат. Кеңири таралган киргизгичке баскыч топ (клавиатура) жана «чычкан» кирет. Клавиша аркылуу киргизилген берилиш компьютердин эсинде убактылуу сакталат жана монитордо көрсөтүлөт. Системалык блок тик бурчтуу куту түрүндө түзүлөт жана киргизилген берилишти иштетүүчү электрондук схемалардан турат. Электрондук схемалар системалык же энелик такта деп аталган башкы тактага бириктирилет. Системалык тактага борбордук процессор, эс жана башка микросхемалар орнотулат. Эс (эс тутуму), ошондой эле тез эс деп аталып, ал каалагандай тартипте түз жетүүнү колдогон сактагыч түзүлүш болот. Тез эс берилиштерди жана программалар иштетилип жаткан учурда убактылуу сактап турат. Чыгаргыч иштетүүнүн жыйынтыгы болгон маалыматты чыгарат. Бул түзүлүш алынган жыйынтыкты чыгаруу алдында колдонулуучу түшүнө турган түргө өзгөртөт. Чыгаргыч түзүлүштөргө принтер, монитор жана үн чыгаргыч түзүлүш (колонка) кирет. Принтер кагазга көчүрмөлөрдү басып чыгарса, монитор маалыматтарды экранга убактылуу чыгарат, ал эми колонка үндөрдү угузуу үчүн колдонулат. Сактагычта айрым учурда сырткы эс же жардамчы сактагыч түйүнү деп аталат жана учурда пайдаланылбаган берилиштер менен программаларды (көрсөтмөлөрдү) сактайт. Сактагыч түзүлүштө тез эстеги берилишти сактоого болот. Жеке компьютерде маалымат ийкемдүү (floppy) диск деп аталган кичине пластик дисктин магниттелген бетинде сакталат. Системалык блок ичине орнотулган катуу дисктин кыймылдаткычы сырткы түзүлүштүн башкысы болуп эсептелет, ал ийилчээк дискке караганда сыйымдуулугу чоң жана сактоо мүмкүнчүлүгү жогору. Кубаттуулугу аз лазер нуру менен берилиштерди окууда CD-ROM, DVD-ROM кыймылдаткычтары пайдаланылат. Байланыш-катыш түйүнү бир компьютерди башка компьютер менен, модем деп аталган түзүлүш санариптик сигналды аналогдук сигналга, аналогдук сигналды санаривтик сигналга айландырууда колдонулат. Тармактын интерфейс карт жана байланыш кабели аркылуу салыштырмалуу жакын (бир имаратта) жайгашкан компьютерлер туташтырылат. Компьютерлердин туташтырылган тобу тармак деп аталат. Киргизгич, чыгаргыч, сактагыч жана байланыш түзүлүштөрү чөйрө (перифериялык) түзүлүштөрдүн айрым гана бөлүктөрү, алар компьютер системасынын бөлүктөрүн түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]