Конвенция жана келишим

Википедия дан

Конвенция жана келишим - мамлекеттердин ортосундагы укуктук мамилелер жана эл аралык мамилелерде бул эки термин бири-бирине окшош болгондугуна карабастан, экөө эки башка мааниде колдонулат.

Конвенциялар (Traite-Treaty) өзгөчө саясий аренада маанилүү маселелерди чечүү үчүн колдонулат. Мисалы, согуштан кийин түзүлгөн «Тынчтык конвенциясы», эки өлкөнүн ортосундагы «шериктештик конвенциясы», же болбосо «достук кызматташуу конвенциясы», «бейтараптык жөнүндө конвенция» сыяктуу тынчтык келишиминин түрлөрү белгилүү. Макулдашуулар же келишимдер (Accord-Agreement) болсо жалпысынан жогорудагы терминге караганда анчалык маанилүү эмес иштерде, айрыкча техникалык проблемаларды чечүү үчүн колдонулат.

Буга мисал катары «Соода келишими», «Маданият келишими», «Финансылык келишим», «Укуктук жардамдашуу келишими», «Консулдук келишим» сыяктуу келишимдерди келтирсек болот. Келишим жана анын кээ бир түрлөрүн саясий тилде «пакт» деп аташат. Ар бир мамлекетте өзүнүн укуктук структурасына карай конвенция жана келишимдерди түзө турган органдар менен жооптуу адистер болот жана аларды ратификациялоо иштерин да башка адистер жүргүзүшөт. Түркияда 1969-жылы 5-майда 11173- сандагы «Эл аралык карым-катнаштардын жүргүзүлүшү жана координациясы жөнүндө мыйзам» жана эл аралык байланыш, кеңешме менен кол коюу бийлиги бекитилген.

Түркия конституциясынын 65-беренесинде тынчтык конвенциясынын тастыкталуусу жана колдонууга берилиши жөнүндө жазылган. Бул берене боюнча: «Түркия мамлекетинин атынан башка өлкөлөр жана эл аралык мекемелер менен түзүлө турган конвенциялардын тастыгы Т.Б.М.М.нин (Türkiye Büyük Millet Meclisi) (Т.М.Ж.П.) бул тастыкты ырастаган мыйзамына карата ишке ашырылат. Экономикалык, соода-сатык же болбосо техникалык байланыштарды уюштурган жана мөөнөтү бир жылдан ашпаган конвенциялар мамлекет бюджети тарабынан эч кандай каржы колдонбоо, ар бир атуулдун социалдык абалына жана түрк атуулунун чет мамлекеттердеги мүлктүк укуктарына шек келтирбөө шарты менен гезит бетине жарыялангандан кийин күчүнө киргизилет.

Ошентип, бул конвенциялар жарыялангандан кийин эки ай ичинде Т.Б.М.М.не (Т.М.Ж.П.) билдирилет. Эл аралык конвенцияларга таянган колдонмо конвенциялар менен мыйзамдуу бийликке таянган экономикалык, соода-сатык же болбосо башкарууга байланыштуу түзүлгөн конвенциялар Т.Б.М.М.нин (Т.М.Ж.П.) тастыгы болбостон колдонула берет. Бирок бул жобого ылайык түзүлгөн экономикалык, соода-сатык же болбосо жеке кишилердин укуктарына алакалуу болгон конвенциялар жарыяланбай туруп күчүнө кирбейт. Түрк мыйзамдарын өзгөрүүгө дуушар кылган конвенциялардын түзүлүшүндө конституциядагы 1-жободо белгиленген өкүм колдонулат.

Кабыл алынган колдонуу методдоруна карай күчүнө кирген эл аралык конвенциялар мыйзамга баш ийет. Булар жөнүндө 149-151- беренелердеги көрсөтүлгөндөр иш жүзүнө ашырылбай туруп Конституциялык Сотко кайрылуу мүмкүн эмес». Конвенцияларда негизинен беренелерге өтпөстөн мурда кириш сөз жазылат. Бул кириш сөз мазмун (preamble) деп да аталат. Мазмунда конвенциянын негизги максаттары, маани- маңызы билдирилет, адабий түрдө жазылат жана көзгө урунаар далилдер көрсөтүлөт. Мазмундан кийин жоболор жазылат, анан бир канча маанилүү деталдар белгиленет. Жоболордон кийин акыркы өкүмдөр жазылат жана бул жерде конвенциянын кандайча күчүнө кириши, кол коюлган документтердин каерде сакталышы, кайсы тилдердин колдонулушу жөнүндө жазылат.

Мындан башка конвенцияларга кошумча протоколдор түзүлүшү мүмкүн. Бул протоколдордо конвенцияда белгиленген сфера жана белгиленген темалар боюнча башка кошумча материалдар көрсөтүлөт. Кээде бул протоколдор мамлекеттик сыр катары эсептелген аскердик жана саясий темалар жөнүндө болушу мүмкүн. Бул түрдөгү протоколдор «жашыруун протоколдор» деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9