Конго Демократиялык Республикасы

Википедия дан
Конго Демократиялык Республикасы (КДР)‎»‎ барагынан багытталды)
КДР.

Конго Демократиялык Республикасы (КДР) – Борбордук Африкадагы мамлекет. Батышында Атлантика океанына чыгат. Түндүгүндө Борбордук Африка Республикасы жана Судан, чыгышында Уганда, Руанда, Бурунди жана Танзания, түштүгүндө Замбия, Ангола, батышында Конго Республикасы менен чектешет. Аянты 23,448 миң км2 (Африкада чоңдугу боюнча Судан, Алжирден кийинки 3-өлкө). Калкы 64,1 млн (2008). Борбору – Киншаса. Расмий тили – француз тили; улуттук тилдери – киконго (конго), лингала, суахили, чилуба (луба). Акча бирдиги – конго франкы. Административдик-аймактык жактан 11 провинцияга бөлүнөт.

Конго – Бириккен Улуттар Уюмунун (1960), Африка союзунун (1963; 2002-ж. чейин Африка биримдиги уюму), Эл аралык Валюта фондунуну (1963), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1997) мүчөсү.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2005-жылкы Конституция боюнча үч жылдык өтмө мезгил аяктагандан жана «Борбордон ажыратуу жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин 2009-ж. административдик-аймактык реформа жүргүзүү каралып, ал боюнча өлкө төмөнкү 26 провинцияга бөлүнмөкчү: Борбордук Касаи, Борбордук Конго, Жогорку Ломами, Жогорку Уэле, Жогорку Катанга, Итури, Касаи, Кванго, Квилу, Киншаса, Ломами, Луалаба, Маи-Ндомбе, Маниема, Монгала, Санкуру, Танганьика, Төмөнкү Уэле, Түндүк Киву, Түндүк Убанги, Түштүк Киву, Түштүк Убанги, Тшопо, Чуапа, Чыгыш Касаи, Экватордук.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Конго – унитардык мамлекет. Конституциясы 2005-ж. 18–19-декабрда референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – жалпы жашыруун добуш менен 5 жылга шайланган президент (1 жолу кайра шайланууга укуктуу). Президент өкмөттү башкарат жана куралдуу күчтөрдү жетектейт. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы – кош палаталуу парламент. Төмөнкү палатасы – Улуттук чогулуш (500 депутаттан турат). Жогорку палатасы – Сенат (108 депутаттан турат). Парламент 5 жылга шайланат. Аткаруу бийлигин президент жана премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Премьерминистр жана министрлер президент тарабынан дайындалат. Конгодо көп партиялуу система орун алган. Белгилүү партиялар: Калыбына келтирүү жа демократия үчүн элдик партия, Бириккен лумумбия партиясы.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн борбордук жана батыш бөлүктөрү туюк Конго ойдуңун жана аны курчаган тоо капталдарын ээлейт. Аны түндүктөн түштүктү карай Конго дарыясы кесип өтөт. Конгонун ортонку агымында байыркы көл-аллювий түздүгү (300–380 м бийиктикте) пайда болгон. Ойдуңдун таманы Конгонун жана анын куймаларынын жайылмасынан бир аз гана бийик жайгашкандыктан, аны дайыма суу каптап турат, басымдуу бөлүгүн саз ээлейт. Ойдуңдун четжакаларын бийикт. 500–600 м, түштүгүндө 1200 мге жеткен платолор курчайт. Конго дарыясында шаркыратмалар (Ливингстон ж. б.) жана босоголор көп. Түндүгүндө цоколдук түздүктөр, Азанде платосу, түштүгүндө Лунда платосу, түштүк-чыгышында Митумба тоолору, тектон. ойдуңдар менен бөлүнгөн платолор жайгашкан. Өлкөнүн чыгыш чет-жакасы – Чыгыш Африка бөксө тоосунун этек тоолорун камтыйт. Өлкөнүн чыгыш жагын чектей Чыгыш Африка жаракалар (рифт) зонасы созулуп жатат. Ал зонанын чет-жакаларында бийиктиги 2000–3000 мге жеткен Митумба, Угома тоолору жайгашкан; өлкөнүн эң бийик жери – Рувензори горст массиви, 5109 м (Маргерита чокусу). Вирунга тоолорунда аракеттеги жанар тоолор (Ньямлагира, Ньирагонго) бар. Грабендердин тамандарын ири тектоникалык көлдөр (Альберт, Эдуард, Киву, Танганьика, Мверу ж. б.) ээлейт. Тектоникалык жактан Кнун аймагын кембрийге чейинки Африка платформасы ээлейт. Конго кен байлыкка бай: кобальт (запасы боюнча дүйнөдө 1-орунда), калай, вольфрам (дүйнөдө алдынкы орунда), жез, цинк кен таштары (2-орунда), тантал (3орунда), алмаз (4-орунда), германий, ошондой эле нефть, газ, көмүр, алтын, күмүш ж. б. Конгонун аймагы экватор жана субэкватор климаттык алкактарында жайгашкан. Өлкөнүн 3° түштүк кеңдик менен 3° түндүк кеңдиктин аралыгынан орун алган бөлүгүндө дайыма нымдуу климат өкүм сүрүп, жаан-чачын көп жааган 2 мезгил (марттан июнга чейин жана сентябрдан декабрга чейин) болот. Конго ойдуңунда жана аны курчаган платолордо эң жылуу айдын (март же апрель) орточо температурасы 26–27°С, эң суугунуку (июль же август) 23–25°С; температуранын суткалык амплитудасы жылдыкынан жогору, бирок 10–15°Сден ашпайт. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 1500–2000 мм. Конгонун түндүк бөлүгүнүн жана түндүк четинин климаты субэкватордук, жайы жаан-чачындуу, кышы кургакчыл; кургакчыл мезгилдин узактыгы өлкөнүн түндүк чек арасына жакын 2–3 айга (декабрь–февраль), түштүгүндө 5–7 айга (апрель–майдан ноябрга чейин) созулат. Температуранын жылдык амплитудасы экватордукуна караганда жогору; суткалык амплитуда көбүнчө 20°Сден ашат. Температуранын максимуму жаанчыл мезгил башталарда байкалат (түндүгүндө 28°Сге, түштүгүндө 24°Сге чейин); кышкы орточо температура түндүгүндө 24°С, түштүгүндө 18°С. Экватордон алыстаган сайын жаан-чачындын өлчөмү түндүк чет-жакасында 1300–1500 ммге, түштүк четинде 1000–1200 ммге чейин азаят. Конгонун чыгыш бөлүгүнүн тоолуу аймактарында температуранын жылдык амплитудасы 1–2°Сге чейин гана; 1500 м бийиктикте жылдык орточо температурасы 20°С, салыштырмалуу нымдуулугу жогору. Тоолордун айдарым капталдарында жылына 2500 ммге (Рувензоринин капталдарында 4000 ммге) чейин жаан-чачын жаайт.

Дарыя тармагы өтө жыш жана суусу мол. Аймагынын 9/10 бөлүгүнөн ашыгы Конго дарыясынын,чыгышындагы бир аз жери Нилдин алаптарына кирет. Ири дарыялары: Конго жана анын оң (Луфира, Лувуа, Арувими, Итимбри, Монгола, Убанги), сол (Ломами, Лулонга, Руки, Ква) куймалары. Чыгышында Альберт, Эдуард, Киву, Танганьика, Мверу көлдөрү жайгашкан. Конго ойдуңунда ири тайыз көлдөр (Ман-Ндомбе, Тумба) бар. Конго суу менен камсыз болуусу (жылына киши башына 1283 м3 суу туура келет) боюнча Африкада 1орунда; гидроэнергетикалык ресурстары (44 миң МВт) боюнча алдынкы орундардын бирин ээлейт.

Өлкөнүн 58% аянтын токой, 25%ин саванна, сейрек токой жана кылкандуу өсүмдүктөр ээлейт. Конго ойдуңунда бузулбаган дайыма жашыл экватор токоюнун (гилея) аянты боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээлейт. Өсүмдүктөрүнүн мүнөзү нымдуулуктун жана рельефтин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Конгонун ортонку агымындагы батыш түзөң бөлүгүн саз жана дайыма суу каптап туруучу токой ээлейт; ал тоо капталдарында дайыма нымдуу, дайыма жашыл экватор токою менен алмашат. Токойдо дарактын баалуу породалары көп, алар: кызыл, сары, эбен дарактары, лимба, агба, ироко, ошондой эле май пальмасы, каучуктуу дарактар ж. б. Түндүгүндөгү, батышындагы жана түштүгүндөгү тоо-дөңсөөлөргө парк сымал таралган өскүлөң саванна, дарыя өрөөндөрүнө галерея токою мүнөздүү. Түштүк-чыгышында (Катанга провинциясында) жалбырагын күбүүчү саванналуу миомбо токою таралган. Тоолуу чыгыш бөлүгүнө бийиктик алкактуулук мүнөздүү: тоонун нымдуу дайыма жашыл токою (3000–3500 м бийиктикте) жогору карай бамбук токою, африка-субальп (дарак сымал вереск басымдуулук кылат), африка-альп (крестовниктүү, лобелиялуу) алкактары менен алмашат.

Гилеянын астында калың кызыл-сары ферралит, суу каптап турган саздуу токойдун астында гидроморфтук латериттүү глей, жалбырагын күбүүчү сейрек токойдун астында феррозём, саваннанын астында – кызыл ферралит топурактары өөрчүгөн. Биологиялык ар түрдүүлүгүнүн деңгээли өтө жогору: татаал өсүмдүктөрүнүн 11 миң (анын 10%и эндемиктер), сүт эмүүчүлөрдүн 450, куштардын 1150, сойлоочулардын 300дөн, жерде-сууда жашоочулардын 200дөн, балыктын 100дөн ашык түрү бар. Түздүктөрдөгү токойду африка токой пили, токой дукери, окапи, токой доңузу, приматтар, тоолуу аймактарды тоо горилласы, саздуу жээктерди бегемот, крокодил, саванна жана сейрек токойду – антилопа, африка жанышы, зебра, жираф, керик мекендейт. Жырткычтардан арстан, гепард, леопард, чөө, темгил көк жал ж. б. кездешет.

Коммерциялык жыгач даярдоодон жана айыл чарба жерин кеңейтүүдөн өлкө нүн токой аянты 0,4%ке чейин кичирейген. Конгонун ортонку агымындагы жетүүгө татаал саздуу токой антропогендик таасирге анча дуушарланган эмес; ал эми Конгонун чыгышындагы тоо токою (анда калк жыш отурукташкандыктан) көп өзгөрүүгө дуушар болгон. Биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышы браконьердикке, ошондой эле өлкөдөгү куралдуу кагылышуу кырдаалына байланыштуу. Татаал өсүмдүктөрдүн 55, сүт эмүүчүлөрдүн 40, куштардын 28 түрү жоголуу алдында турат. Өлкөнүн жээк аймактарында нефть менен булгануу байкалат. Конгодо жалпы аянты 8,3%ке жеткен 83 аймак коргоого алынган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Вирунга (1979-ж. уюшулган), Кахузи-Биега (1980), Гарамба (1980), Салонга (1984) улуттук парктары, Окапи улуттук резерваты (1996) кирген. Эл аралык маанидеги коргоого алынган суу-саз мейкиндиги 866 миң га жерди ээлейт; анда куштар уя салып, кыштайт.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Конгонун калкынын көбү (85%и) бантулар (луба, конго, нгала, монго, бабоа, батеке, конзо, рега, саката, теке, яка ж. б.); түндүгүндө жана чыгышта убанги (7%), түндүк-чыгышында нилсахара (10,1%и) тилдеринде сүйлөгөн элдер жашайт. Калктын табигый өсүүсү 3,1%. Төрөлүү (1000 адамга 43 бала) өлүм-житимден (11,9%) үч эсе ашык. Өлкөдө жаш курактагылар басымдуулук кылат; орточо курагы 16,3 жыл. Курактык курамында өспүрүмдөрдүн (15 жашка чейинкилердин) үлүшү 47,1%, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 50,4%, 65тен ашкандар 2,5% (2008). Калктын өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 54 жыл (эркектердики 52,2, аялдардыкы 55,8 жыл (2008).

Калк өлкөнүн батыш чет-жакасында (орточо жыштыгы борбордук провинцияга 1 км2 жерге 960тан ашык, төмөнкү Конго провинциясында 78,4 адам) жана чыгышында (Түндүк Киву провинциясында 97,4, Түштүк Кивуда 67,3 адам); калк эң сейрек отурукташкан аймак – Катанга провинциясынын түштүк-чыгышы 1км2 жерге 9,8 адам. Шаар калкы 32%тей. Ири шаарлары (2008): Киншаса (9167 миң), Лубумбаши (1628 миң), Мбужи-Майн (1474 миң), Колвези (932,3 миң), Кисангани (592,2 миң), Бома (508,3 миң), Кананга (507,8 миң), Ликаси (496,6 миң). Экономикалык активдүү калкы 15 млн адам (2006); иштегендердин 65%и айыл чарбасында, 19%и тейлөө чөйрөсүндө, 16%и өнөр жайында эмгектенет. Калкынын 40–55%и католиктер, 20–42%и протестанттар (лютерандар, англикандар ж. б.), 10%тейи африкахристиансинкреттик динди тутат, 10%и мусулмандар.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Касаи, Луалаба, Луапула дарыясынын жогорку агымында табылган таш куралдар Конго аймагында эрте палеолит жана Ашель доорунда эле адам жашаганын далилдейт. Ортонку таш доорунда тумбий маданияты (Санго маднын бир түрү; 55–45 миң жыл мурда), Лупембе маданияты (30–15 миң жыл мурда), соңку таш доорунда читоль маданияты (15–3 миң жыл мурда) Киншаса шаарынын чет жакаларында жана Бена-Читоле платосунда өнүккөн. Катанга провинциясында табылган металлды кайра иштетүү очогу (метеорит темири; б. з. ч. 5-кылымдын ортосу) Африкадагы кара металлургиянын байыркы борборлорунун бири деп божомолдонот. Конгонун байыркы калкы пигмейлер, сан (бушмендер) жана кой-коин (готтентоттор) болгон. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында бантулар аларды токойлуу райондорго сүргөн. 9-кылымдын башында Катанга провинциясынын түндүгүндө Кисале маданиятына таандык алгачкы саясий түзүлүштөр пайда болгон. 13–16-кылымдарда Конго аймагында Конго, Матамба, Нгойо, Куба, Луба, Лунда, Касонго мамлекеттик бирикмелери (кээде империялар жана королдуктар деп да аталат) түзүлгөн. 1480-жылдары Д. Кан жетектеген португалдар Конгого келе баштап, 16-кылымда Конго дарыясынын сол жээги португалдардын кул сатуучу аймагына айланган. Жергиликтүү калк бир нече жолу португалдарга каршылык көрсөтүшкөн. Конгодо күчтүү башкаруучунун бийлиги астында бирдиктүү мамлекетти калыбына келтирүүнү көздөгөн, европалыктарга каршы кыймыл (1703) пайда болуп, 1706-ж. куралдуу көтөрүлүшкө айланган. 1709-жылдын башында конголук ак-сөөктөр көтөрүлүштү басышкан. Кул сатуунун өнүгүшү, ич-ара согуш, децентрализация региондогу мамлекеттин кулашына алып келген. 19-кылымдын аягында Конго аймагы европалык мамлекеттердин атаандашуу объектисине айланган. 1876-ж. Бельгия королу Леопольд IIнин жетекчилиги менен Эл аралык африкалык ассоциация (1880-ж. Эл аралык Конго ассоциациясы деп аталган), 1878-ж. «Жогорку Конгону изилдөө боюнча комитет» бельгиялык компаниясы түзүлгөн. Королдук эмиссарлар жергиликтүү уруу башчылар менен келишим түзүп, анын негизинде король Леопольд II Конго дарыясынын сол жээгин көзөмөлгө алган. 1884–85-жылдары Берлин конференциясы Леопольд II ни «Көз карандысыз Конго мамлекетинин» (ККМ) башкаруучусу деп тааныган. ККМнин негизги экспорттук тармагы каучук болгондуктан, Леопольд II өлкөнүн жалпы аянтынын 50%ин жеке компанияларга берип, каучук иштетүүгө монополия түзүп, жергиликтүү калктан каучук түрүндө салык алган. 1890-жылы темир жолу курула баштаган. 1888-ж. ККМда «Форс пюблик» колониялык армия уюшулуп, 1894-ж. аскердик кызмат өтөө киргизилген.

Патрис Лумумба (1960).

20-кылымдын башында Леопольд IIнин режимине каршы күрөш башталып, 1908-ж. 15-ноябрда Леопольд II ККМны Бельгия колониясындагы – Бельгиялык Конго (БК) деп өзгөртүү жөнүндө декретке кол коюуга мажбур болгон. 1-дүйнөлүк согуш жылдарында БКнын колониялык аскерлери британиялык жана француздук союздаштар менен бирге Танганьика көлү, Камерун, Руанда-Урунди аймактарындагы согуштук аракеттерге катышкан. БКда европалык ири компаниялардын кен казып алуу иштеринин натыйжасында тоо-кен иштетүү өнөр-жай, транспорт системасы, энергетика өнүгүп, Катанга, Киву провинцияларында жана Леопольдвиль (азыркы Киншаса) шаарында ири өнөр-жай борборлору пайда болгон. 1920–50-жылдары БКнын көз карандысыздыгын талап кылган улуттук-боштондук кыймыл күчөп, диний-саясий кыймылдар, секталар жана партиялар пайда болгон. 1959-ж. Леопольдвиль калкы антиколониялык көтөрүлүшкө чыккан. 1960-ж. Бельгия өкмөтү БКга көз карандысыздыкты берүү жөнүндө билдирген. 1960-ж. 30-июнда көз карандысыз Конго Республикасынын (РК) түзүлүшү жарыяланган. Анын президенттигине Ж. Касавубу, премьер-министрлигине П. Лумумба шайланган. 1960-ж. 5-июлда П. Лумумбанын жүргүзгөн көз карандысыз саясатына каршы аскер төңкөрүшү уюшулуп, 5-сентябрда ал кызматтан кеткен. 1961-ж. августта С. Адула жетектеген РКнын жаңы өкмөтү түзүлгөн. 1962–63-жылдары Түштүк Касаи жана Катанга РКга кошулган. 1964-ж 1-августта өлкөнүн Конституциясы күчүнө кирип, федеративдүү мамлекеттик түзүлүш орногон. РК Конго Демократиялык Республикасы (КДР) деп аталган. 1965-ж. 24-ноябрда мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликке келген Конго улуттук армиясынын башкы штабынын начальниги С. С. Мобуту бардык саясий партия жана уюмдардын ишине (1967-ж. түзүлгөн «Элдик революция кыймылы» партиясына гана уруксат берген) тыюу салган. 1960–70жылдары «накта заирдик улутчулдук» расмий доктрина кабыл алынган. 1971-ж. 27-октябрда ДРК Заир Республикасысы (ЗР) деп аталган, бирок Мобуту өкмөтү өлкөнүн экономикасын өзгөртө алган жок. 1996-ж. ЗР өкмөтүнүн макулдугу менен куралдуу руанд хуту отряды өлкөнүн чыгыш райондорун басып алып, жергиликтүү тутси урууларын (баньямуленге) кырышы жарандык согушка (1996–97-жылдары 1-Конго согушу) алып келген. Л. Д. Кабила жетектеген Конго-Заир боштондугу үчүн альянс демократиялык күчү (КЗБАДК) Мобуту өкмөтүнө каршы чыккан. Көтөрүлүшчүлөргө тутсилер кошулган. 1997-ж. майда КЗБАДК отрядынын Киншасага кириши менен Мобуту бийликтен кеткен. Бийлик Кабилага өтүп, өлкөгө Конго Демократиялык Республикасы (КДР) деген ат кайтарылган. Жаңы президенттин саясаты жаңы жарандык согуштун чыгышына (1998–2002-жылдары 2-Конго согушу) алып келген, ага коңшу мамлекеттер кошулган. 1999-ж. июлда Лусака (Замбия) шаарында согушту токтотуу жөнүндө келишимге кол коюлган. Анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн 1999-ж. 30-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) коопсуздук кеңеши КДРге БУУнун миссиясын уюштурган. 2001-жылдын башында Л. Д. Кабила өлтүрүлүп, өлкөнүн президенттигине анын уулу Ж. Кабила шайланган. 2002-ж. июлда Претория (ТАР) шаарында КДР менен Руанда, сентябрда Луанда (Кения) шаарында КДР менен Уганданын ортосунда тынчтык келишим түзүлгөн. 2003-ж. 2-апрелде КДР өкмөтү, саясий партиялар жана оппозициялык куралдуу топтордун ортосунда Конгодогу кризисти жөнгө салуу саясаты жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. 2004-ж. Конгодо көп партиялуу система киргизилген, 2005-ж. декабрда КДР конституциясы кабыл алынган. 2006-ж. президенттик шайлоодо Ж. Кабила жеңишке жеткен.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КДР – Тропиктик Африка өлкөлөрүнүн ичинен экономикалык потенциалы зор өлкө. 1970-жылдардын ортосунан өлкөнүн экономикасы терең кризиске дуушарланган, ал ички саясаттын туруксуздугуна байланыштуу ого бетер тереңдеген. Көмүскө бизнес, табигый ресурстарды мыйзамсыз иштетип, сыртка сатуу күчөгөн. Мамлекеттик бюджеттин дээрлик 60%и сырткы булактардын (Европа Союзуна кирген өлкөлөрдүн, АКШны, КЭРдин жана эл аралык уюмдардын – Эл аралык валюта фонду (ЭВФ), Бүткүл дүйнөлүк банк ж. б.) эсебинен түзүлөт. Узакка созулган кризистен чыгуу тенденциясы 2000-жылдын ортосунан гана байкала баштады. Ички дүң продукцияларынын (ИДП) реалдуу өнүгүүсү 2008-ж. 6,3%ти түздү. Өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу багыты катары өнөр-жай ишканаларын (анын ичинде энергетикалык объектилерди кошо), айыл чарба өндүрүшүн калыбына келтирүү, транспорт инфраструктураны түзүү, жакырчылыкты жоюу жарыяланган. ИДПнин көлөмү 18,8 млрд доллар (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 300 доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,411 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 168-орунда).

Кен байлыктарды казып алуу (минералдыксырьёго бай базанын негизинде) жана минералдык сырьёлорду алгачкы иштетүүдөн өткөрүү ИДПнин 10,4%ин жана түшкөн валютанын 80%ке жакынын түзөт. Казылып алынган маанилүү кендер: кобальт (Катанга провинциясында), жез (Катанга), алмаз (Батыш жана Чыгыш Касаи, Экватордук; Төмөнкү Конго, Чыгыш, Маниема), алтын (Чыгыш), күмүш, цинк, калай, германий, тантал. Ошондой эле нефть (жээк бөлүгүнөн жана шельф зонасынан) жана көмүр (Катанга провинциясында) казылып алынат. Конго энергетикалык потенциалы (100 миң МВт) боюнча Тропиктик Африкада алдынкы орунду ээлейт. Жылына 7,3 млрд кВт.с электр энергиясын өндүрүп, ички муктаждыкка 5,3 млрд кВт.с керектелет. Электр энергиясынын негизги бөлүгү Конго дарыясындагы Inga гидроэнергетикалык комплексинен өндүрүлөт (аныкталган кубаттуулугу 39 миң МВт). Иштеп чыгаруучу өнөр жайын химия (жер семирткич, пластмасса, күкүрт кислотасы, лак-боёк ж. б.), текстиль, булгаары-бут кийим, тамак-аш (ун, пиво, май), тактай тилүү, курулуш материалдар өнөр-жай тармактары түзөт. Өлкөнүн негизги өнөр-жай борбору болгон Киншасада автомобиль чогултуучу, кеме куруучу, кеме ремонттоочу, металл иштетүүчү ишканалар бар. Өлкө аймагынын 3%ке жакын жери иштетилет, жайыты 6%. Май пальмасы, ошондой эле бал камыш, кофе, пахта, какао, гевея, чай плантацияларынын мааниси зор; ички муктаждык үчүн маниок, плантейн, жүгөрү, жер жаңгак, күрүч, картөшкө, ак жүгөрү, таруу, ошондой эле папайо, манго, ананас, апельсин, авокадо өстүрүлөт. Мал чарбасы трипаносомоздордун кеңири таралгандыгына байланыштуу анча өнүккөн эмес. 2004-ж. 4016 миң эчки, 957 миң чочко, 899 миң кой, 758 миң бодо мал болгон, 220 миң т балык кармалган. Токой ресурсу аз пайдаланылат (2006-ж. 65,2 миң м3 жыгач даярдалган). Баалуу дарактар (тик, кара дарак) экспорттук өзгөчө мааниге ээ.

Автомобиль жолунун жалпы узундугу 153,5 миң км, темир жолу 5,1 миң км (2006). Темир жолу аркылуу Дарэс-Салам (Танзания), Лобити (Ангола), Замбия, Зимбабве, Мозамбик жана ТАР менен байланышат. Дарыя жолунун жалпы узундугу 15 миң км. Ири порттору: Банана, Бома, Бумба, Матади, Киншаса, Мбандака, Кисангани, Кинду. Нефть куурунун узундугу 71 км, газ трубасы 62 км (2007). 237 аэропорту бар; эл аралык аэропорттору Киншаса, Лубумбаши, Букаву, Гома, Кисангани шаарларында жайгашкан. Экспортко алмаз, жез, нефть, кобальт, жыгач, айыл чарба продукцияларын ж. б. чыгарат. Негизги соода кардарлары: Бельгия, Кытай, Бразилия, Чили, Финляндия, АКШ, Пакистан. Машина жана жабдууларды (тоо-кен шахта, транспорт каражаттары), отун, азык-түлүктү негизинен ТАР, Бельгия, Франция, Зимбабве, Замбия, Кения, Кот-д`Ивуардан сатып алат.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү системасы мектепке чейинки (3–5 жаш), башталгыч (6 жыл) жана орто (2 жыл толук эмес жана 4 жылдык толук жалпы же кесиптик) жогорку билим берүүнү камтыйт. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 67%ти түзөт. Негизги ЖОЖдору, илимий мекемелери, музейлери, китепканалары Киншаса шаарында жайгашкан. Конгодо ар жумада француз, суахили жана лингала тилинде «LeAvenir» (1996), француз тилинде «Le Potentiel» (1982) ж. б. гезиттер чыгат. 1936жылдан радио уктуруу, 1966жылдан телекөрсөтүү иштейт. Улуттук маалымат агенттиги – Agence Congolaise de Pzesse (ACP; 1960-жылдан).

Конго адабияты 1920-жылдары калыптана баштап, француз тилинде өнүккөн. Лингала, конго, луба тилинде адабият пайда болгон. 1945-ж. «Голос конголезца» журналы негизделген. 1940-жылдары Д. Мутомбонун («Сүйүүнүн жеңиши», 1943; «Биздин бабалар», 1948), П. ЛомамиЧибамбенин («Крокодил», 1948) повесттери белгилүү болгон. 1970-жылдары проза жанры өнүгө баштаган. Н. Мбаланын «Эки өмүр, жаңы мезгил» (1970) романы, «Бандоки-сыйкырчы» (1971), «Почта отркытка» (1974), Б. Заменганын «Жети бир тууган жана карындашы» (1975) ж. б. повесттер жана аңгемелер (И. Л. Мудаба ж. б.) жазылган. 1980–90-жылдары Нганду Нкашаманын экспрессионисттик үлгүдөгү романдары жана повесттери жарык көргөн. Драматургияда тарыхый жана калктын жашоо-турмушун чагылдырган пьесалар жаралган. 20-кылымдын аягында Конго драматургиясына француздук эксизтенциализм жана европалык адабияттын таасири тийген. 20-кылымдын 2жарымында Конго поэзиясында саясий, сүйүү жана табият темаларын камтыган лирикалар өнүккөн. Конго аймагында аска бетине тартылган сүрөттөр (неолит дооруна таандык) сакталып калган. Конго элдеринин көркөм өнөрү байыртадан өнүккөн. Жыгач скульптура, чопо идиш, жыгач, темир жана жез кооздуктарын, ар кандай буюм, эмгек куралдарын ж. б. жасашкан. Турак жайлары тегерек же чарчы планда, терезелери жок курулуп, үстү конус түрүндө жалбырактар же бутактар менен жабылып, сырты геометриялык оймо-чиймелер же символикалык сүрөттөр менен кооздолгон. 1964-ж. Киншаса, Катанга провинциясында, Түндүк жана Түштүк Кивуда искусство жана сүрөт чеберчилиги борборлору ачылган. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Киншаса, Мбандака, Матади ж. б. шаарлар пайда болуп, бельгиялык жана европалык архитекторлордун долбоору боюнча көп кабаттуу имараттар тургузулган. 20-кылымдын 1-жарымынан профессионалдык сүрөт өнөрү өнүгө баштаган. Конго аймагындагы байыркы музыкалык маданият эстеликтери (археологиялык казмалардан табылган музыкалык аспаптар) 8–9 жана 12–14-кылымдарга таандык. 16–17-кылымдарда сүйүү, аскер, аңчылык жана аза ырлары жаралган. Барабан бийликтин символу катары эсептелген. Пигмей мбутилердин эң байыркы вокалдык салттары колдонулган. Башка элдерде түрдүү музыкалык аспаптар кеңири таралган. 1930–60-жылдары гитара, үйлөмө аспаптар оркестрлери уюшулган. 20-кылымдын ортосунан латын-америкалык музыкалык-бий үлгүсү (румба, ча-ча-ча, чаранга, патачанга, мамбо, меренге) Конго музыкасынын өнүгүшүнө таасири тийип, гитара, саксофон, кларнет, флейтаны ж. б. камтыган вокалдык-аспаптык ансамблдер пайда болгон. 20-кылымдын аягында гитара жа барабандан турган ансамблдер көбөйгөн. Конгонун көптөгөн фольклордук ансамблдери этностук топтордун байыркы бий салттарын сактап келүүдө. Бийчи бийлегенде кол чаап, катуу кыйкырып, таңдайларын такылдатып, денесин алаканы менен чапкылап, бат-баттан кыймылдап бийлейт. Колдору жана буттарына шыңгыраган билерик, шакектерди кийип, белине юбка сымал жамынма тагынып, бетине маска кийишет. 2000-жылдардагы белгилүү фольклордук ансамбль Б. Мавинга жетектеген «Масиналык жаш ырчылар жана бийчилер» тобу. 19-кылымдын аягында бельгиялык колониячылардын келиши менен Конго драмалык театры калыптана баштаган. 2-дүйнөлүк согуштан кийин театр өнөрү өнүккөн. Өлкөнүн ири шаарларында – Леопольдвиль (азыркы Киншаса) менен Элизабетвилде (азыркы Лумумбаши) европалык үлгүдөгү театр труппалары пайда болгон. 1960-жылдардын башында Африка театр союзу түзүлгөн. 1967-ж. Киншасада Музыка жана драма өнөрүнүн улуттук академиясы негизделип, 1971-ж. Улуттук искусство институту түзүлгөн. 1960жылдардын 2-жарымында «Мвондо» (Катанга провинциясы), «Миль» (Матадиш), «Театр ла Коллин» (Киншаса) ж. б. театрлар белгилүү болгон. Конго театр өнөрү 2 багытта (классикалык жана элдик) өнүгүп жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]