Кондициялык кен таш

Википедия дан

Кондициялык кен таш – физикалык, химиялык ж. б. касиеттерине жараша белгилүү өлчөмдө алынган кен таш. Мында кен таштын курамындагы металлдардын өлчөмү белгилүү бир өлчөмдө болушу зарыл. Мисалы, темирлүү кен ташта темир 35–40%, жез кен ташында жез 0,4–1%, алтындуу кен ташта алтын 0,04–0,05%тен кем болбоого тийиш. Кээде кен таштагы керексиз аралашмалардын (күкүрт, фосфор ж. б.) саны менен да Кондициялык кен таш аныкталат. Жер астынан казылып алынган кен таштардын кесектигине жараша да кондиция такталат. Казуу, ташуу иштери ыңгайлуу болсун үчүн завод-фабрикаларга жөнөтүлгөн кен таштар белгилүү өлчөмдө, кесектикте даярдалат. Мында кен таштын кесектиги 400–600 ммден ашпоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]