Конзо (эл)

Википедия дан

Конзо (конджо, баконджо, бананде, баира) — банту эли. Конго Демократиялык Республикасында (Эдуард көлүнүн батышында) жана Уганданын чек ара аймактарында да жашайт.
Жалпы саны 850 миң адам, анын ичинде КДР 600 миң, Угандада 250 миң.

Конзо

Конзо адамдары
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 850 миң адам
 Конго Демократиялык Республикасы — 600 миң
 Уганда — 250 миң

Тили

олу конзо

Дини

жергиликтүү салттуу ишенимдери,
христианчылык (католиктер)

Расалык тиби

негроид

Кирет

бантулар

Тил

Эне тили — олу конзо. Бул тил банту уясына кирет.

Коом

Чоң үй-бүлө жамааттары коомдук уюмдун негизи болуп саналат. Аталык уруулук топторго бөлүнүү сакталып калган.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди (ата-бабалар культу жана табигый күчтөрүнө сыйынуу) карманышат.
Калгандары — христиандар (католиктер).

Чарбалык иштер

Негизги кесиби — кол менен иштетилген тропикалык жер чарбасы (сорго, элевсина, күрүч, маниок, буурчак өсүмдүктөр). Малчылык (майда мүйүздүү мал). Балык уулоо (Эдвард көлүнүн жээгинде) менен да алектенет.
Айрымдары тоо-кен тармагында иштешет.

Кол өнөрчүлүк

Боёлгон самандан килемчелерди, самандан себеттерди, ашкабактан идиштерди жасоо.Металлдарды эритүү жана кайра иштетүү. Жыгач оюм.

Тамак-аш

Маниоктон жасалган токоч жана ботко, банан жана балыктан жасалган тамактар, пальма майы кошулган жержаңгак. Пальма шарабы да жасалат.

Турак жай

Конзо алачыктары аары уюгуна окшош, дубалдары жок, чатырлары банан жалбырактары менен капталган. Бардык конуштар адырларда жайгашкан. Алардын жанында чөптөн жана самандан токулган тирөөчтөрдөгү дан кампалар жайгашкан. Бир чоң үй-бүлөгө таандык алачыктар көбүнчө тегерек болуп тизилип, кичинекей көчөнү жана ичинде короолорду түзөт.

Маданият

Музыкалык фольклор (жыгач, барабандар) сакталып калган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]