Конкин, Григорий Ефимович

Википедия дан
Григорий Ефимович Конкин

Конкин Григорий Ефимович (1911, Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы — 1941, Москва облусу, Дубосеково разъезди) Советтер Союзунун Баатыры (1942.21.07, өлгөндөн кийин[1]).
1941-ж. Советтик Армияда 316-аткычтар дивизиясынын аткычы (Батыш фронту, 16-армия).
1941-ж. 16-ноябрда Дубосеково разъездинде 28 панфиловчулардын тобу менен душмандын танкалары жана жөө аскерлеринин көптөгөн чабуулуна каршы эрдик көрсөтүп курман болгон.
Бишкек шаарында «Жаш Гвардия» проспектисиндеги Баатырлардын аллеясында бюсту орнотулган. Немидов айылдык клубунда Баатырга арналган музей ачылган. Ал коюлган жерде мемориал орнотулган. Конкиндин аты менен Жети-Өгүз районундагы айыл, мектеп, Каракол шаарында көчө аталган, Туулган жери Кызыл-Суу айылында бетондон бюсту орнотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Советского Союза начальствующему и рядовому составу Красной Армии» от 21 июля 1942 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1942. — 23 июля (№ 28 (187)). — С. 1.