Мазмунга өтүү

Конклюденттик аракеттер

Википедия — ачык энциклопедия

Конклюденттик аракеттер (лат. conclude – корутундулайм, жыйынтык чыгарам) – жарандык укукта адамдын укук мамилелерин орното алуучу анын эркин чагылдыруучу (м.: бүтүм түзүү) аракети, бирок оозеки же жазуу жүзүндөгү эркин билдирүү түрүндө эмес, ошондой ниети көрүнгөн жүрүм-туруму менен. Товарды жана тейлөө кызматтарын сатып алуунун жолжоболорун жеңилдетүүчү автоматтык каражаттардын кеңири таралып бараткан шарттарында (соода жана оюн автоматтарын, автоматтык сактоочу жайларды пайдалануу ж. б.) К. а-дин чөйрөсү тынымсыз кеңейүүдө.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]