Кононов Андрей Николаевич

Википедия дан

Кононов Андрей Николаевич [14(27). 10. 1906, Россия империясы, Санкт-Петербург шаары – 30. 10. 1986, СССР, Ленинград шаары) – түрколог жана тарыхчы, филология илимдеринин доктору (1948), Ленинград университетинин профессору (1950), СССР Илимдер академиясынын академиги (1974), Түрк лингвистикалык коомунун (1950), Венгрия чыгыш таануучуларынын илимий коомунун (1970), Венгрия Илимдер академиясынын (1973), Польша чыгыш таануучуларынын (1974), Королдук Азия Коомунун (1974, Лондон) ардактуу мүчөсү, Хельсинкидеги финн-угор таануу коомунун корреспондент мүчөсү (1974). Ленинград чыгыш таануу институтун бүтүргөн (1930). Ленинград университетинин түрк филологиясы кафедрасынын башчысы (1949–72), деканы (1953–54), СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Ленинград бөлүмүнүн башчысы (1961–63), кийинки жылдары Советтик түркологдор ктинин төрагасы болуп иштеген. Негизги илимий эмгектери түркология маселелерине арналган: «Азыркы түрк адабий тилинин грамматикасы» (1956), «Азыркы өзбек адабий тилинин грамматикасы» (1948, 1960) ж. б. Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, Элдердин достугу жана «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]