Мазмунга өтүү

Консулдук «даражалар»

Википедия — ачык энциклопедия

Консулдук «даражалар» – консулдук кызмат адамдарынын кызмат абалдарына байланыштуу наамдары. Консулдук мекемелердин башчыларынын К. «д-ы» ал мекемелердин статусуна байланыштуу болот. Мында мамлекеттердин иш жүргүзүү ыгы бирдей: тараптардын макулдашуулары боюнча башчысынын даражасы ( башкы консул , консул , вице-консул , консулдук агент) түздөнтүз байланыштуу консулдук мекеменин классы аныкталат. Мамлекет тарабынан эркин дайындалуучу консулдуктун (эгер келишим боюнча алардын саны чектелбеген болсо) калган кызматкерлери эларалык-укуктук катуу квалификациялоого ээ болбойт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]