Консулдук жыйымдар
Көрүнүш
Консулдук жыйымдар – консулдук мекемелердин өздөрү өкүлү болгон өлкөнүн жарандарынын же чет өлкөлүк жарандардын өтүнүчү боюнча аткарган аракеттери үчүн белгиленген тарифке ылайык алынуучу төлөмдөр. Кызыкдар мамлекеттердин өзара макулдашууларынын негизинде тигил же бул аракеттер К. ж-дан куткарылат. К. ж-дан куткаруу тууралуу чечим консул тарабынан кабыл алынуусу ыктымал.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7