Алымгазы Конушбаев

Википедия дан
Конушбаев, Алымгазы‎»‎ барагынан багытталды)
Конушбаев Алымгазы

Конушбаев Алымгазы (1942-ж. т., Ысык-Көл району, Темир айылы) — сүрөтчү-жасалгалоочу. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1992). Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2022).

1965-ж. Бишкек сүрөтчүлер окуу жайын бүткөн.
1965-жылдан Кыргыз мамлекеттик драма театрында сүрөтчү-жасалгалоочу, 1972-жылдан ошол эле театрда улук сүрөтчү-жасалгалоочу.
1974-жылдан Ош кыргыз драма театрында башки сүрөтчү.
Ал төмөнкү спектаклдерди жасалгалаган: «Ак Кеме», «Коммунист Танабай Бакасов» (Ч. Айтматов), «Отелло», «Он экинчи түн» (В. Шекспир), «Ак Мөөр», «Эр Төштүк» (Ж. Садыков), «Ашырбай», «Алдар көсө» (Т. Абдумомунов), «Түпкүрдө» (М. Горький), «Жаңыл Мырза» (А. Куттубаев, К. Маликов), «Курманбек» (К. Жантөшев), «Текшерүүчү» (Н. Гоголь), «Болот кантип курчуду» (Н. Островский), «Күнөстүү арал» (М. Гапаров), «Байыркы жомок» (М. Байжиев) жана башка. Ал «Ашырбай» (1985), «Эр Төштүк» жана «Ак Мөөр» (1992) спектаклдеринин жасаласы үчүн Республикалык конкурстун жеңүүчусү. М. Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.