Мазмунга өтүү

Концовка

Википедия — ачык энциклопедия

Концовка, соңу – көркөм чыгарманын аягы, бүтүшү. Концовканын өзүнчө өзгөчөлүктөрү, салттары бар. Кыргыз эл жомоктору «...ошентип жыргап-куунап жашап калган экен» же «ошентип жетим бала кан болуптур» деген өңдүү бүтүм менен аяктайт. Адатта мындай бүтүм угуучулардын көңүлүнө, психологиясына таасир этүү максатында жасалат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]