Пётр Кончаловский

Википедия дан
Кончаловский, Пётр Петрович‎»‎ барагынан багытталды)

Кончаловский, Пётр Петрович (1876–1956) – советтик живописчиси, РСФСР эл сүрөтчүсү (1946), СССР сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947). К. “Момун балта” деген бирикмени негиздегендердин бири. Алгач примитивизм менен кубизмдин таасиринде жүргөн. Окт. революциясынан кийин реалисттик жолго түшкөн. Ал ар түрдүү жанрда (портрет, сюжеттүү-тематикалык сүрөт, натюрморт, пейзаж) иштеген. Мыкты полотнолору: В. Э. Мейерхольддун портрети (1938), “А. Н. Толстой сүрөтчүнүн мейманы” (1941), “Автопортрет” (1943). К-дин “Сирень” (1933), “Каракурлар” (1939) өңдүү натюрморттору, “Түштө” (1947), “Чөп чабыктан” (1948) сыяктуу жанрдык чыгармалары кайталангыс өзүнчөлүгү, ажардуулугу менен айырмаланат. СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1943) лауреаты. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]