Коомдун материалдык-техникалык базасы

Википедия дан

Коомдун материалдык-техникалык базасы – ар бир конкреттүү коомдо турмуш-тиричиликтик жыргалчылыктарды өндүрүү каражаты болуп кызмат кылуучу эмгек каражаттарынын, өндүрүш технологиясынын жана аны уюштуруунун тарыхый жактан белгилүү жыйындысы. Тигил же бул коомдук экономикалык формациянын коомдун материалдык-техникалык базасы мурункусунан сандык жана сапаттык жактан айырмаланышы мүмкүн. Сапаттык өзгөрүүлөр өндүрүштүк революция мүнөзүнө ээ болгон төңкөрүш өнүктүрүүдө болгон учурда байкалат. Мындай ар бир секирик коомго, адамзатка эмгек мүнөзүндө жана анын өндүрүмдүүлүк деңгээлинде сапаттык жаңы тепкичке көтөрүлүүгө мүмкүн-дүк берет.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8