Коом жана ыйман

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Жалпы адамзаттык маданияттын жетишкендиктерин өзүнө камтыган, заманга шайкеш келген нарктуу адептик – ыймандык сапаттарды, маданияттуу жүрүм– турум адебин калыптандыруу.
Ар бир инсанга терен ыйман – адептик аң - сезимди жана тушунукторду калыптандыруу, ыйман сезимдерди тарбиялоо, журум– турумда адамдык жана коомдук нарк насилге төп келген күнүмдүк адаттарды чечуу аркылуу жүзөөгө ашырылат.
Коомдун өнүгүүсүнүн денгээли ар убак анын адептик рухий – ыймандык намысы даражасы менен өлчөнүп келген. Адам акылын, билимин остуруп, ал эми анын адебин, ыйманын өстүрбөй туруп, аны ар тараптан шайкеш өнуккөн инсан кылып жетилтүү мумкун эмес. Ошондуктан бул маселе үй - бүлөдөн тартып мамлекеттик денгээлге чейин ар убак көнүлдүн борборунда турушу зарыл.
Коомдук өнүгүүнүн бүгүнкү кезегинде жаштарга адептик, рухий – ыймандык таалим тарбия берүүгө бөтөнчө олуттуу көңүл бурулуп отурушу жок жеринен эмес.
Кырдаалдын татаалдыгы, адеп-ыймандын акырындап жок болуп бараткандыгы батыш өлкөлөрдүн маданияты , биздин мектеп окуучуларына, жогорку окуу жайларга жана уй-булоого тийгизген тааси өтө чон. Ошондуктан жаңыча социалдык – экономикалык маселелердин орношу; коомдогу жана адамдардын ортосундагы мамилесин татаалданышы; зордук – зомбулуктун, ыпластыктын, мансапка, байлыкка, женил оокатка умтулуу сыяктуу терс көрүнүштөрдүн орун алышы бүгүн билимдүү, маданиятуу, акыл – эстуу гана эмес адептүү, ыймандуу, өзүнүн жана элинин тагдыры үчүн жоопкер боло билген адамды калыптандыруу талабын алдыга коюуу.
Ар бир инсан төмөнкү ынанымдарга, билгичтиктерге ээ болушу зарыл:

- адепттик – ыйман билимдерге ээ болуп, өз жүрүм – турумунда адеп токтомдорун калыптандыруу жана аларды колдоно билүү;
- өзүнүн инсандык, адеп ахлак сапаттарын, мүнөзүн алдынкы моралдык өрнөктөргө багыттап калыптандыруу;
- өзүн - өзү тарбиялоонун план – программасын тузө билуу жана реалдуу иш – аракет менен бекемдөө.
- жалпы адамзаттык рухий – ыймандык дөөлөттөрдү билүү жана урматтоо;
- улуттук нарк – насил, элдик педагогиканын көөнөрбөс салттарын жана дөөлөт– мурасттарын өздоштүрүү;
- элдик салттуу диний ишенимдери менен таанышуу жана диндердин адептик – маданий маңызын аныктоо;
- улуу инсандардын адептик – ыйман ойлору менен таанышуу;
- Ата – Журттун адептик маданиятын билуу.