Коом укуктары

Википедия дан

Коом укуктары - Адамдардын коом менен болгон мамилесин иретке келтирген негизги эрежелерден турган укуктар коомдук укуктарды түзөт.

Жеке кишинин мамлекет алдында кээ бир укуктары бар болсо да режимге карата өзгөрүлүп турушу мүмкүн.

Коом укуктары жалпы жонунан эки түрдүү болот: А. Кишилердин коомго карата укуктары:

  • -Жеке коомдук укуктар: Булар кишинин моралдык жана материалдык байлыктары менен байланышкан жана бул байлыктарын өз алдынча колдонууга, көбөйтүүгө байланышкан эркиндик жана укуктары. Мисалы, киши жана турак-жай кол тийбестиги. -Социалдык жана экономикалык коом укуктары: Кишинин коомдук турмуштагы социалдык жана экономикалык иш- аракеттери менен байланышкан коом укуктары. Мисалы, мүлк, иштөө, уюм түзүү укуктары жана өз алдынчалыктары.
  • -Саясий коомдук укуктары: Мында мамлекеттин саясий ар түрдүү курулуштарына жана башкармалыгына катыша алуу, ошондой эле тандоо, тандалуу, шайлоого катышуу жана башкалар.

Б. мамлекеттин кишиге карата укуктары: Бул эгемендүүлүк деп аталат. мамлекет бул укугунан пайдаланып, өлкөнү жана жарандарды башкарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9