Коопсуздук жана кызматташтык боюнча кеңешме Европадагы

Википедия дан

Коопсуздук жана кызматташтык боюнча кеңешме Европадагы (ЕККК) – Европада жана дүйнөдөгү коопсуздукту кызматташуу аркылуу жөнгө салууну чече турган жалпы кеңешме (АКШ жана Канаданын катышуусу менен). Кеңешменин алгачкы ачылышы 1973-ж. 3–7-июлда Хельсинкиде өткөн. Ага Европанын 33 мамлекетинин өкүлү (тышкы иштер министрлери) катышып (Албания, АКШ, Канада кеңешмеге катышуудан баш тарткан), анда «Хельсинкидеги консультациянын корутунду сунуштары» кубатталган жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча ар бир өкмөттүн көз карашы сунушталып, кеңешменин алдыдагы иштери жөнүндө баяндама берилген. Кеңешменин экинчи этабы 1973-ж. 18-сентябрдан 1975-ж. 21-июлга чейин кез-кези менен Женевада өтүп, ага 35 мамлекеттен делегат жана эксперттер катышкан. Анда кеңешменин күн тартиби иштелип чыккан жана макулдашылган. Кеңешменин үчүнчү этабы 35 өлкөнүн жогорку саясий жана мамлекеттик жетекчилеринин катышуусу менен 1975-ж. 30-июлдан 1-августка чейин Хельсинкиде өтүп, 1-августта Европаны тынчтык менен камсыздоочу кеңешменин Корутунду актысына кол коюлган. ЕКККнын Мадрид конференциясында (1991, апрель) ЕКККнын Парламенттик ассамблеясын (1991-ж. июль айында негизделген) түзүү боюнча чечим кабыл алынган. ЕКККны Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ) деп атоо тууралуу чечим 1994-ж. Будапештте мамлекет жана өкмөт башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынган. Кеңешме эл аралык абалды жеңилдетүүнүн жаңы этабынын башталышына негиз салып, Европада түзүлгөн чек аралардын бузулбастыгын бекемдеген жана бүткүл континентте тынчтыкты сактоого, чыңдоого ыңгайлуу шарт түзгөн. Ал ар түрдүү коомдук түзүлүштөгү мамлекеттердин эл аралык аренада тынчтыкта жанаша жашоосун жана тең укуктуулукта кызматташуусун жөнгө салууда алга шилтенген зор кадам болгон. Саясат таануу

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]