Координаттардын эклиптикалык системасы
Көрүнүш
Координаттардын эклиптикалык системасы – эклиптикалык тегиздикке негизделип түзүлүп, асман телолорунун абалын эклиптикалык узундук (λ) жана эклиптикалык кеңдик (β) аркылуу аныктайт.
Планеталар жана Айдын кыймылы эклиптикага жакын келип, зодиакалдык топ жылдыздардын аймагында кыймылга келгендиктен, Координаттардын эклиптикалык системасы ал телолордун, о. эле Күндүн көрүнгөн кыймылын да жогорку тактыкта аныктоо мүмкүнчүлүгүн түзөт. Координаттардын эклиптикалык системасынын өзгөчөлүгү теориялык астрономияда асман телолорунун орбиталарынын элементтерин изилдөөгө пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0