Копенгаген Университети

Копенгагенден Университети (UCPH, дан. Københavns Universitet) - Даниядагы изилдөө жүргүзүүчү эң байыркы институт болуп саналат. 1479-жылы Studium Generale деп негизделген. Ал Скандинавия боюнча, Уппсала университенен (1477) кийинки экинчи эң байыркы жогорку билим берүүчү окуу жай болуп эсептелинет. Университетте 23.473 бакалаврда окуган студенттер, 17.398 магистратурадагы студенттерди, 2,968 докторлук даражасын алуучулар жана 9000ден ашуун кызматкерлер эмгектенет. Университеттин төрт кампустары Копенгагендин өзүндө жана анын тегерегинде жайгашкан, ал эми штаб-квартирасы Копенгагендин борборунда. Көпчүлүк сабактар даниялыктардын тилинде окутулат, бирок ошол эле учурда көп сабактар англис жана немис тилдеринде өтүлөт. Университетте миңдеген чет өлкөлүк студенттер билим алат, алардын жарымы Түштүк Европадагы өлкөлөрдөн келишет.
Кембридж, Йель, Улуттук Австралия Университети, УК Беркли жана башка университтер менен кошо Эл аралык изилдөө университеттеринин альянсынын мүчөсү болуп кирген. Академиялык ЖОЖдордун дүйнөлүк рейтинги боюнча 2016-жылы Скандинавиядагы эң мыкты окуу жай жана дүйнө жүзүндөгү жогорку билим берүүчү окуу жайларынан 30-орунду ээлеген. Мындан тышкар 2016-2017 Times Higher Education World University Rankings тизмегинде 120-орунда, ал эми 2016-2017 QS World University Rankings тизмегинде 68-орунда турат. Университеттин бүтүрүүчүлөр арасында 9 Нобель сыйлыгынын лауреаттары жана 1 Turing Award алуучу бар.