Коргон кени

Википедия дан

Коргон кени - Токтогул районундагы полиметалл рудасы бар жер. Талас Алатоосунун түштүк капталында, Узунакмат суусунун башында жайгашкан.

1936-ж. табылып, 1954-55-ж. геологиялык чалгындоо жүргүзүлгөн.

Кендин аймагын кембрийге чейинки мезгилдин терриген тоотектери, төмөнкү палеозойдун чөкмө-жанартоотектери жана аларды жиреп чыккан негиздүү составдагы интрузиялар түзөт. Чөкмө-жанартоотек катмарлары бүктөлүүгө дуушарланып, татаал түзүлүштөгү антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Руда тоотек катмарларынын ийилген жерлеринде топтолгон.

Мында 28 руда тулкусу белгилүү. Руда курамы боюнча сфалериттүү пирротин, галениттүү пирротин-сфалерит, пирротин-арсенопирит жана карбонат-полиметаллдан турган 5 топко бөлүнөт. Рудада коргошун, цинк, калай, мышьяк, сурьма, висмут, индий, галий жана сейрек жер элементтери бар. Кен 1951-54-ж. казылып, коргошун алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5