Коргон күкүрт кени
Көрүнүш
Коргон күкүрт кени Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Коргон суусунун баш жагында, деңиз деңгээлинен 2300–2800 м бийикте. 1937-ж. табылган. Туурасы 6 мден 70 мге, узундугу 6–135 мге жетет. Мында 12 сульфиддүү кен таш бар. 1300 мге созулган кен таш аймагы акиташ теги менен аргиллиттин чегинде жайгашкан. Сульфид кен ташындагы күкүрт 15–30%ке жетет. Запасы С2 категориясы боюнча 400 миң т.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9