Мазмунга өтүү

Коргоо фондусу

Википедия — ачык энциклопедия
Коргоо фондусу
Мамлекет Кеңештик Социалисттик Республикалар Бирлиги

Коргоо фондусу — Улуу Ата Мекендик согуш (1941—45) мезгилинде фронттун муктаждыгы үчүн мурдагы СССР эмгекчилеринин ыктыярдуу топтогон акчалай жана материалдык каражаты. Коргоо фондусуна демилге көтөргөндөрдүн бири, колхозчу Ф. П. Головатый (Саратов облусу) согуш самолётун курууга 100 миң сом берген (1942). 1941—45-жылдары Коргоо фондусунун жалпы каражаты 16,0 млрд сомго жеткен (Кызыл Армия фондусу менен). Мындан тышкары ага мамлекеттик заёмдун 4,5 млрд сомдук облигациясы жана чет өлкөлүк кошумчадан 15,8 млн сом акча түшкөн. Кыргызстандын эли согуш жылдарында Коргоо фондусуна танк, самолёт куруу үчүн 189 млн сомдон ашык акча жөнөтүп, 57,3 млн сомдук мамлекеттик заёмдун облигацияларын сатып алышкан. Кыргызстандан фронтко 195 вагон азык-түлүк, 550 миң жылуу кийим, 38 миңден ашуун жекече посылкалар жөнөтүлгөн. Кыргызстандын колхоздору менен совхоздору Коргоо фондусуна пландан тышкары 4,5 млн пуд эгин, 500 миң пуд эт өткөрүшкөн. З. Өмүрзакова (130 миң), Э. Кулмамбетова (106 миң), Ү. Жаңыбаев (50 миң), О. Кулматов (50 миң), К. Ботугуров (48 миң), О. Жаңыбаев (40 миң) ж. б. ондогон кыргызстандыктар согуш техникасын курууга акчалай жана материалдык салымдарын кошкон. Кыргызстандын эмгекчилеринин каражатынан куралган «Советтик Кыргызстан» танк колоннасы Сталинград салгылашуусуна катышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]