Корей Эл-Демократиялык Республикасы
| Бул макаланын мазмунун «Корей Элдик Демократия Республикасы (КЭДР)» макаласына көчүрүү керек. Сиз макалаларды бириктирип долбоорго жардам бере аласыз.
Бириктирүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо талап болсо, бул калыпты {{бириктирүүгө}} калыбына алмаштырыңыз жана Уикипедия: Бириктирүүгө барагында тиешелүү жазуу жүргүзүңүз. Сураныч, ошондой эле оңдоолор тарыхын да карап чыгыңыз. |
|
Корей Эл-Демократиялык Республикасы | |||||
| |||||
| Мамлекеттик Гимни | |||||
| 300px | |||||
| Эгемендүүлүк күнү | 9-сентябрь 1948-жылы | ||||
| Расмий тилдери | {{{Тилдери}}} | ||||
| Ири шаарлар | {{{Ири шаарлар}}} | ||||
| Башкаруу формасы | Социалистик республика | ||||
| {{{Башчыларынын милдеттери }}} | {{{Башчылары}}} | ||||
| ИДП • Бардыгы (2007) • Ар бир жанга |
40,0 млрд. $ {{{ИДП ар бир жанга}}} $ | ||||
| Акча бирдиги | КЭДР вонасы | ||||
| ISO коду | KP | ||||
| ЭОК коду | PRK | ||||
| Телефон коду | +850 | ||||
Корей Эл-Демократиялык Республикасы (корейче: 조선 민주주의 인민 공화국, 朝鮮民主主義人民共和國), Түндүк Корея – Чыгыш Азиядагы Корей жарым аралчагынын түндүгүндө жайгашкан мамлекет. Түндүктө Кытай, түндүк-чыгышта Орусия, түштүктө Корей Республикасы (Түштүк Корея) менен чектешет. Батышта Сары деңизге, чыгышта Жапон деңизине чыгат. Борбор - Пхеньян калаасы.
1948-жылдын Аяк оона айынын 9 кеңештер басып алган жерде КЭДР курулган. Мамлекеттин расмий башкы ою (идеологиясы) - Ким Ир Сен менен Ким Чен Ир ойлоп-тапкан чучхе ою ("көңүл борборунда адам турган философиялык башкы ой"). Өлкөдөгү бийлик Корей эмгек партиясынын, Ким Чен Ир атту Улуу Башкарманын колунда.
Акимчилик (административдик) бөлүнүшү[оңдоо | булагын оңдоо]
2004-жылга караганда, Түндүк Корея 9 дубанга (провинция, корейче: 도, 道 [то]), 2 мамлекеттик маанидеги шаар (корейче: 직할시, 直轄市 [чикхальси]) жана 3 атай акимчилик аймак. Борбор калаа - Пхеньян.
Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]
Корейдер - гомогендик улут. КЭДРда ири улуттук аздыктар жок, жалгыз эле кытай (божомолчо 50,000) жана жапон (божомолчо 1800 киши) улуттардын өкүлдөрү бар.
Калктын саны: 23,113,019 (2006) Өмүрдүн узундугу: Жалпыча - 71,65 жыл (эркектер - 68,92 жыл, айымдар - 74,51 жыл (2006)) Төрөлүштүн деңгели: бир айымга 2,1 наристе (2006). Тилдер: корей тили; билимдүүлүк - 99%
Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]
1945-жылына чейин Жапониянын көз карандыгынын астында болгон. 2-Дүйнөлүк Согуштун бүткөндөн кийин 38-паралелден түндүгүрөөк Корейдин жери Кеңештик Бирдигинин астында калган, түштүштүрөөк жакта - Кошмо Штаттардын. КСРБ менен АКШнын ортосунда бир мамлекет куруу боюнча келишпестиктин айынан 1948-жылында эки бөлүк өкмөттөр, түндүк (КСРБге багытталган) жана түштүк (АКШга багатталган), түзүлгөн. Экөөсү баардык Кореянын башкарууга талаптанган.
1948-жылынын Аяк оонанын 9 Корей жарымаралчагынын түштүгүндө Корей Республикасы курулганына жооп катары КЭДР уюштурулган. Башындан бери өлкөдөгү бийлик КЭПтин (Корей Эмгек Партиясынын) колунда болгон. Чарба тармагында пландык үнөм (экономика) орнотулган; божомолчо 1949-жылындан тарта болгон өнөр жай, ички жана тышкы соодалашуу тармактар өкмөттүн көзөмөлүндө болууда.
Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]
КЭДРдин азыркы Башкы мыйзамы (конституция) 1972-жылдын Бештин айынын 27 кабыл алынган; 1992-жылдын Чын куран айынын 9 жана 1998-жылдын Аяк оонанын айынын 5 ага өзгөртүүлөр киргизилген. Баш мыйзамдын 1-беренеси КЭДРди бүткүл корей калкынын кызыкчылыгын коргогон, эгемен социалистик мамлекет катары аныктайт. КЭДРдин Баш мыйзамына таянганда мамлекеттеги бийлик эмгектегендер, дыйкандар, эмгек интелегенция жана жалпыча эмгектенген эл-журтта.