Мазмунга өтүү

Корей Эл-Демократиялык Республикасындагы өлүм жазасы

Википедия — ачык энциклопедия

Корей Эл-Демократиялык Республикасындагы өлүм жазасы (кор. 조선민주주의인민공화국의 사형) — КЭДР мыйзамдар менен бекитилген жаза чарасы. Бул жаза киши өлтүрүү, мекенге кыянаттык кылуу, тыңчылык, саясий башкача ой жүгүртүү, баңги заттарын таратуу, ошондой эле Түштүк Корея медиаматериалдарын көрүү жана Чучхе мамлекеттик идеологиясына каршы келген диний үгүт иштери беренелери менен айыпталган адамдар үчүн колдонулат[1][2][3][4][5][6]. Түндүк Корея мамлекетинин саясаты жабык мүнөздө болгонуна байланыштуу бул тема боюнча маалыматтар өлкөдөн качкандардын, КЭДР чыгып кайра артка кайтпагандардын маалыматтарына, ошондой эле бейөкмөт уюмдардын отчётторуна негизделет[7].

Статистикасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2009-жылга карата Түндүк Кореядагы адам укуктары боюнча Түштүк Корея борборунун маалымат базасы ар кайсы мезгилдерде болгон 1193 өлүм жазасын аткаруу фактылары тууралуу текшерилбеген күбөлөндүрүүлөрдү чогулткан. «Amnesty International» уюмунун маалыматы боюнча, 2007–2012-жылдар аралыгында өлкөдө 105 өлүм жазасы аткарылган[7]. «Foreign Policy» журналы 2010-жылы өлүм жазасына адамдардын санын 60 деп баалаган[8]. 2001-жылдын октябрында КЭДР өкмөтү БУУнун адам укуктары боюнча комитетине 1998-жылдан бери «болгону 13» өлүм жазасы аткарылгандыгы жана 1992-жылдан тарта коомчулуктун алдында аткарылган өлүм жазасы болбогонун билдирген[2].

2013-жылдын 13-декабрында КЭДР мамлекеттик маалымат каражаттары Ким Чен Ындын кайын агасы Чан Сон Тхэктин өлүм жазасына тартылганын жана жаза аткарылгандыгын жарыялашкан[9][10][11]. Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо кызматынын маалыматы боюнча, Ким Чен Ындын эки жакын жардамчысы — Ли Ён Ха жана Чан Су Кил — 2013-жылдын ноябрь айынын ортосунда өлүм жазасына тартылган[12].

2014-жылы БУУнун адам укуктары боюнча кеңеши Корей Эл-Демократиялык Республикасындагы адам укуктары боюнча жагдайды иликтөө комиссиясын түзгөн. Комиссиянын милдеттерине соттун чечими менен же сотсуз, ачык же жашыруун жүргүзүлгөн, саясий жана башка салыштырмалуу анча оор эмес кылмыштар үчүн колдонулган өлүм жазасы жөнүндө маалыматтарды иликтөө жана документтештирүү кирген[2].

Өлүм жазасына тартылгандардын тизмеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Дата Соттолгон адам Кылмыш Жаза аткаруу ыкмасы Булак
2024-жылдын август айы Партиянын 20-30 мүчөсү 5000 адамдын өмүрүн алган Ялуцзян дарыясындагы суу ташкынынын алдын албоо жана коррупция Көрсөтүлгөн эмес Газета.Ru[13]
2023-жылдын 19-декабры Белгисиз 23 жаштагы эркек Адам өлтүрүү жана тоноо Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы «Эркин Азия» радиосу[14]
2023-жылдын 25-сентябры Белгисиз 40 жаштагы эркек Дары уурдоо Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы «Эркин Азия» радиосу[15]
2023-жылдын 30-августу Белгисиз 9 адам Уй этин контрабанда жолу аркылуу алып келүү Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы «Эркин Азия» радиосу[16]
2023-жылдын март айы Белгисиз кош бойлуу аял Саясий башкача ой жүгүртүү Көрсөтүлгөн эмес Hindustan Times[17]
Белгисиз 6 өспүрүм Түштүк Кореянын сериалдарын көрүү жана баңги заттарды колдонуу Атып өлтүрүү
2022-жылдын октябрь айы Белгисиз 2 өспүрүм Түштүк Кореянын кинолорун жайылтуу Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы «Эркин Азия» радиосу[18]
Белгисиз өспүрүм Өгөй энесин өлтүрүү
2022-жылдын апрелы айы Белгисиз 22 жаштагы эркек Түштүк Кореянын ЖМК жайылтуу Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы Корея Республикасынын Биригүү иштери боюнча министрлиги[19],

BBC[20], Forbes[21]

2022-жылдын январь айы Белгисиз эркек жана аял Түштүк Кореянын кинолорун жайылтуу Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы Daily NK[22]
2021-жылдын 2-марты Белгисиз 3 эркек жана 1 аял Түштүк Кореянын кинолорун жайылтуу Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы Daily NK[23]
2020-жылдын 20-июлу Белгисиз 6 эркек Сексуалдык кызмат көрсөтүү үчүн адам сатуу Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы «Эркин Азия» радиосу[24]
2020-жылдын май айы Белгисиз эркек жана аял Өлкөдөн качуу аракети Атып өлтүрүү «Эркин Азия» радиосу[25]
2020-жылдын апрел айы Белгисиз 3 эркек Уурдоо Атып өлтүрүү «Эркин Азия» радиосу[26]
2020-жылдын февраль айы Белгисиз эркек Карантинди бузуу Атып өлтүрүү [27]
2019-жылдын март айы Белгисиз 2 аял Төлгө салуу Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы «Эркин Азия» радиосу[28]
2019-жылдын 10-январы Белгисиз эркек Түрмө сакчысын өлтүрүү Атып өлтүрүү [29]
2018-жылдын декабрь айы Белгисиз эркек Коррупция Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы [30]
2018-жылдын декабрь айы Белгисиз адам Төлгө салуу Көрсөтүлгөн эмес Daily NK[31]
2018-жылдын 17-ноябры Белгисиз аял Төлгө салуу Атып өлтүрүү Daily NK[32]
2018-жыл Аскер кызматкери Мамлекеттин акчасын сарптоо Көрсөтүлгөн эмес Daily NK[33]
2017-жылдын апрель айы Белгисиз эркек Опузалоо, киши өлтүрүү, уурдоо Жашыруун аткарылган өлүм жазасы;

Көрсөтүлгөн эмес

Daily NK[34]
2017-жылдын 27-февралы Белгисиз 5 эркек Жалган маалымат таратуу Атып өлтүрүү CNBC[35]
2015-жылдын май айы Чхве Ён Гон Мамлекеттик чыккынчылык Көрсөтүлгөн эмес
2015-жыл Алты адам Христиандык сыйынууну өткөрүү Атып өлтүрүү USCIRF[36]
2014-жыл Белгисиз адам Шаманизм Көрсөтүлгөн эмес USCIRF[36]
2014-жыл 49 жаштагы эркек Корея Республикасына туугандарына телефон чалуу Көрсөтүлгөн эмес Daily Mirror[37]
2013-жылдын 12-декабры Чан Сон Тхэк жана белгисиз 7 эркек Мамлекеттик чыккынчылык Атып өлтүрүү Lenta.Ru[38]
2013-жылдын ноябрь айы Белгисиз 80 адам Түштүк Кореянын сериалдарын жана ЖМК көрүү Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы Коммерсантъ[39]
2011-жылдын апрелы айы Жаш бала жана чоң энеси Христиандык сыйынууну өткөрүү Атып өлтүрүү [36][40]
2011-жылдын 3-январы Белгисиз эркек жана аял Мамлекеттик чыккынчылык Атып өлтүрүү [41]
2010-жылдын 17-марты Пак Нам Ги Мамлекеттик чыккынчылык Атып өлтүрүү
2007-жылдын 10-июлу Белгисиз аял 12 жаштагы кызды уурдоо жана өлтүрүү Атып өлтүрүү [42]
2006-жылдын 17-майы Эки күзөтчү Баңгизат сатуу жана уурулук Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы Daily NK[43]
2005-жылдын 2-марты Хан Бок Нам Чек арадан мыйзамсыз өтүү жана адамдарды сатуу Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы [44]
2005-жылдын 28-февралы

— 2005-жылдын 1-марты

Чхве Джэ Гон жана Пак Мён Гиль Улуттук чек араны бузуу жана адамдырды сатуу Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы Daily NK[45][46]
Үч эркек Адам сатуу Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы
2002-жылдын март айы Ли Мин Пак үй-бүлөсүнүн үч мүчөсү Христиандык сыйынууну өткөрүү Көрсөтүлгөн эмес [36]
1997-жыл Со-Кван Хуэй Саботаж Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы [47]
1991-жылдын октябрь айы Пак Мён Сик Он эки жолу адам өлтүрүү Атып өлтүрүү [48]
1981-жыл Ву Ин Хи Ким Чен Ирдин ойношу Коомчулук алдындагы атуу жолу менен жүргүзүлгөн өлүм жазасы [49]

Коомчулуктун алдында аткарылган өлүм жазасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
2014-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин алдындагы КЭДРдеги адам укуктары боюнча тергөө комиссиясы тарабынан жарыяланган Түндүк Кореядагы саясий туткундар лагерлери жайгашкан жерлердин картасы

Коомчулуктун алдында аткарылган өлүм жазалары 2000-жылда эл аралык коомчулуктун сын-пикирлеринен улам азайган, бирок 2007-жылдын октябрынан тартып коомчулуктун алдында ачык өлүм жазасын аткаруу кайрадан башталган[50][51]. Болжолдуу белгилүү деп саналган өлүм жазасына тартылган адамдардын арасында баңги затын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана каражаттарды ысырап кылууга айыпталган мамлекеттик ишкерлер болгон. Ошондой эле киши өлтүрүү, тоноо, зордуктоо, баңги заттарын сатуу, аткезчилик, каракчылык, вандализм сыяктуу кылмыштар менен соттолгон кылмышкерлер негизинен атуу жолу менен өлүм жазасына тартылганы тууралуу маалыматтар бар. КЭДР кылмыштуулук боюнча улуттук статистиканы же кылмыш деңгээли жөнүндө отчётторду жарыялабайт[52].

Түштүк кореялык жардам берүү иштери боюнча Good Friends агенттиги тараткан текшерилбеген маалыматтарга караганда, 2007-жылдын күз айларында Пхёнан-Намдо провинциясындагы бир заводдун директору өзүнүн заводунун жер төлөсүнө орноткон 13 телефон аркылуу эл аралык чалууларды жасаганы үчүн айыпталып, 150 000дей адам чогулган стадиондо, коомчулуктун алдында атылып өлтүрүлгөн[53][54]. Good Friends мындан сырткары, стадиондогу адамдар тарай баштаганда тебелендиде 6 адам калып, жыйынтыгында каза болушкан, дагы 34 киши жаракат алганын маалымдаган[54]. Башка текшерилбеген маалыматтар боюнча, Кытай менен чек араны кесип өтүүгө аракет кылган 15 адам дагы атып өлтүрүлгөн.

Текшерилбеген маалыматтарга ылайык 2011-жылы эки адам Түштүк Корея тараптан демилитаризацияланган аймак аркылуу ташталган үгүт баракчаларын жайылтканы үчүн 500дөй адамдын алдында атуу жолу менен өлүм жазасына тартылган. Бул окуя мурунку Түндүк Корея лидери Ким Чен Ирдин кичүү уулу Ким Чен Ынды мураскор катары даярдар жаткан учурдагы идеологиялык көзөмөлдү күчөтүү максатындагы иш-чараларынын бир бөлүгү катары сүрөттөлөт[55].

2019-жылы июнь айында түштүк кореялык Transitional Justice Working Group укук коргоо уюму текшерилбеген «Mapping the Fate of the Dead» аттуу отчётун жарыялап, анда КЭДР коомчулуктун алдында аткарылган өлүм жазасы жүргүзүлгөн деп болжолдонгон 318 жер көрсөтүлгөн. Уюмдун маалыматына ылайык, коомчулуктун алдында аткарылган өлүм жазалары дарыя жээктеринде, талааларда, базарларда, мектептерде жана стадиондордо жүргүзүлгөн. Докладда өлүм жазасына тартылган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү жана балдары өлүм жазасын аткаруу учурунда күбө болууга мажбурланат деп белгиленген[56].

Концлагерлердеги өлүм жазасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Amnesty International жана башка укук коргоо уюмдарынын билдирүүлөрүнө караганда, кулчулук, системалуу кыйноо[57], зордуктоо жана өлүм жазасы - КЭДР саясий жана кылмыш беренелер боюнча кармалгандар үчүн түзүлгөн түрмөлөрдө жана лагерлерде кеңири таралган[58][59][60]. Тастыкталбаган айрым күбөлөрдүн маалыматтарында, Түндүк Кореядагы түрмөлөрдө жана лагерлерде атуу, башын алуу же асып өлтүрүү жолу менен жашыруун же ачык жазалоо сүрөттөлөт[61]. Кээ булактарда өлүм жазасы башка саясий же кылмыш беренелери менен камалгандарды коркутуу куралы катары колдонулуп, көп учурларда өлүм жазасына тартылган адамдардын жазасын аткаруудан мурун кыйноолор менен коштолот деп белигиленет[62].

  1. EuroNews. North Korea executes more people for watching foreign films, UN report finds
  2. 1 2 3 Human Rights Council. Report of the detailed findings of the commission of inquiry on human rights in the Democratic People’s Republic of Korea
  3. Open Doors. World Watch List 2025
  4. Православная Энциклопедия. В Северной Корее около 70 тыс. христиан отбывают наказание в трудовых лагерях
  5. Православная Энциклопедия. Положение христиан в Северной Корее через год после смены руководства страны не улучшилось
  6. Armenpress. В Северной Корее всё чаще применяют смертную казнь, в том числе за просмотр иностранных фильмов: ООН
  7. 1 2 The Guardian. Death penalty statistics, country by country
  8. Право. В 2010 году в мире стали существенно реже казнить
  9. РИА. Дядя лидера КНДР казнен по обвинению в государственной измене
  10. Lenta. В КНДР казнили дядю Ким Чен Ына
  11. Lenta. Ким Чен Ын впервые прокомментировал казнь дяди
  12. VOA. Seoul: Kim Jong Un Fires Uncle, Executes His Associates
  13. В КНДР казнили около 30 чиновников. Они «не смогли предотвратить ущерб от наводнения». Газета.Ru (4 -сентябрь (аяк оона) 2024).
  14. Publicly executed for killing a woman while trying to steal beans (англ.). «Эркин Азия» радиосу (23 December 2023).
  15. North Korea executes warehouse manager for stealing penicillin (англ.). «Эркин Азия» радиосу (3 October 2023).
  16. North Korea publicly executes 9 people for running beef smuggling ring (англ.). «Эркин Азия» радиосу (5 September 2023).
  17. North Korea executes pregnant woman for pointing at Kim Jong-il's portrait (англ.). Hindustan Times (31 March 2023).
  18. North Korea publicly executes 2 teenagers for distributing South Korean movies (англ.).
  19. North Korea publicly executed 22-year-old man for watching K-pop.
  20. A family's escape from North Korea through a minefield and stormy seas (англ.). BBC (6 December 2023).
  21. В Северной Корее мужчину казнили за прослушивание k-pop (орусча). Forbes (28 -июнь (кулжа) 2024).
  22. Daughter of high-ranking N. Korean cadre executed for watching and distributing S. Korean videos (англ.). Daily NK (1 March 2022).
  23. Four publicly executed in Pyongyang on charges of distributing "illegal video materials (англ.). Daily NK (12 March 2021).
  24. North Korea Publicly Executes Six for Sex Trafficking, Including Four Officials (англ.). «Эркин Азия» радиосу (6 August 2020).
  25. North Korea Executes Couple For Trying to Escape to South During COVID-19 Emergency (англ.). «Эркин Азия» радиосу (22 May 2020).
  26. North Korea Executes Three Officials For Theft of Emergency Food Supplies (англ.). «Эркин Азия» радиосу (6 April 2020).
  27. North Korea executes top official for leaving coronavirus quarantine to go to baths (англ.) (13 February 2020).
  28. North Korea Stages Public Executions to Strengthen 'Social Order'. «Эркин Азия» радиосу (10 Апрель 2019).
  29. North Korean Inmate Executed By Firing Squad For Killing Prison Guard.
  30. N.Korea's State Guesthouse Chief Executed in Public.
  31. Crackdown on superstitious behavior leads to life sentence for unlucky fortune teller in North Korea (англ.). Daily NK (30 April 2019).
  32. Fortune teller executed by firing squad in North Korea (англ.). Daily NK (19 December 2018).
  33. North Korean army oil embezzler sentenced to execution (англ.) (12 February 2018).
  34. Extortion caper ends in execution for North Korean resident (англ.) (31 October 2017).
  35. Report: N. Korea executes officials with anti-aircraft guns for 'enraging' Kim Jong Un (англ.). CNBC (27 February 2017).
  36. 1 2 3 4 Organized Persecution: Documenting Religious Freedom Violations in North Korea (англ.).
  37. North Korea executes 10 people who 'secretly used phones to call outside world' (англ.) (23 June 2021).
  38. BBC. В Северной Корее казнили дядю Ким Чен Ына
  39. В Северной Корее казнят телезрителей (орусча). Коммерсантъ (11 -ноябрь (жетинин айы) 2013).
  40. North Korea tortures and executes Christians, USCIRF says (англ.) (18 August 2021).
  41. Executions in January 2011 (англ.). Текшерилген күнү 14 -ноябрь (жетинин айы) 2025. Түп булактан архивделген күнү 15 Апрель 2020.
  42. Another Public Execution Video from N.Korea Aired.
  43. The Mid-May Public Execution of a Discharged Soldier (англ.). Daily NK (27 June 2006).
  44. Video Captures Public Executions in North Korea. Текшерилген күнү 14 -ноябрь (жетинин айы) 2025. Түп булактан архивделген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2025.
  45. Public Execution of Choi Jae Gon, Park Myung Gil (англ.) (16 March 2005).
  46. Crackdowns, Public Executions on Sino-Korean Border (англ.). Daily NK (11 March 2005).
  47. N. Korea Is Said to Execute Finance Chief (англ.). The New York Times (18 March 2010).
  48. 北 엽기 연쇄살인 '박명식 사건' 아시나요? (6 -декабрь (бештин айы) 2006). Текшерилген күнү 14 -ноябрь (жетинин айы) 2025. Түп булактан архивделген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2021.
  49. 悲運の女優 禹仁姫(ウ・インヒ)の顔写真 日本で相次いで見つかる (жап.).
  50. Право. В КНДР 80 человек были публично расстреляны за просмотр южнокорейских телепрограмм
  51. 24.kz. Число смертных казней растет в КНДР
  52. Country Reports on Human Rights Practices for 2015
  53. UN. DPR Korea: UN report finds human rights situation still dire, a decade on
  54. 1 2 NBC. N. Korea public executions reportedly on rise
  55. RFA. Public Executions over Leaflets
  56. BBC. В Северной Корее обнаружены сотни полигонов для публичных казней
  57. Amnesty International. North Korea: Fear of torture/fear of death penalty
  58. BBC. Голод, расстрелы за сериалы и глорификация смерти. ООН опубликовала доклад о правах человека в КНДР
  59. Ланьков А.Н. РЕПРЕССИВНЫЙ АППАРАТ И КОНТРОЛЬ НАД НАСЕЛЕНИЕМ В СЕВЕРНОЙ КОРЕЕ
  60. Daily NK. All Prisoners in North Korea, Tortured
  61. Political Prison Camps in North Korea Today
  62. North Korea: A case to answer – a call to act

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]