Корей жазуусу
Корей жазуусу — корейлер колдонгон тамга-муун жазуусу. 1444-ж. ойлонуп табылган. Корей жазуусу жогортон төмөн же оңдон солго карай жазылат. Кийинчерээк горизонталь багытта солдон оңго карай жазуу ыгы көп колдонула баштаган. 1949-жылдан КЭДРде Корей жазуусу гана, Түштүк Кореяда корей-кытай жазуусу колдонулат. Азыркы корей алфавитинде 40 графема бар. Орфографиясы негизинен морфологиялык принципте түзүлгөн.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9